“Жупуну” деп мени чандың, байдын кызы сага кандай жубай болуп берер экен?

Биз кыз-жигит болуп үч жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Бул үч жыл аралыгында далай ирет суугуңа тоңуп, ысыгыңа күйүп, бактылуу да, кайгылуу да күндөрдү баштан кечирдик. Биз жаңыдан таанышкан кезде студенттик куракта болсоң, окууңду ийгиликтүү аяктап, жакшы жумушка орноштуң. Ортодо жол кырсыгына учурадың, өкүнүчтүү. Ошондо сени жоготуп алуудан коркуп, күндөп-түндөп боздоп ыйлаганымды айтпа. Сабагымдын, жумушумдун баарын токтотуп коюп, жабыркатып алган бутуң айыкмайынча жаныңдан чыкпадым.
Биз жетелешип жүрүп жаштыктын бактылуу күндөрүн кечирдик. Бирок, негедир акыркы күндөрү сен өзгөрө баштадың. Башка адамга айланып бараткандайсың, чын эле. Менин көңүлүмдү калтыра турган сөздөрдү айтып жүрүп, акырында башка кызга үйлөнүп алганың ичти күйгүздү! Атасыз өскөн жупуну турмуштагы мендей жөнөкөй кызды чанып кеттиң. Эми атасынын байлыгына, бийлигине ишенген ак сөөктүн кызы сага кандай жубай болуп берер экен? Ал аялыңа сенин кандай сезимдериң бар? Аны чын жүрөктөн сүйө алдыңбы? Башым катып, күчүмдү ыйдан чыгарам...
Сайра
"Азия Ньюс" гезити