Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Активист Камчы Нурбек уулу кечээтен бери дайынсыз болууда

Активист Камчы Нурбек уулу кечээтен бери дайынсыз болууда

17-март, 12:18
1 013 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жетим-Тоо, Кумтөр кендери жана Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин билдирип жүргөн активист Камчы Нурбек уулу кечээтен бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу «Ханституцияга каршы» борборунун жетекчиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Камчы Нурбек уулу 16-марттын түнү активисттерге чалып, өзүн белгисиз кишилер кармап, алып бара жатканын кабарлаган. Ошол бойдон аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Кайда экени белгисиз.

Молдокматов акыркы күндөрү бийликке каршы чыккандарга карата басым-кысым күч алганын, азыр Камчы Нурбек уулунун дайын-дарегин адвокаттар тактап жатканын кошумчалады.

Анын биздин борборго эч кандай тийешеси жок. Жетим-Тоо, Кумтөр боюнча акцияларга катышып келген. Конституция боюнча митингдерде менин катарымда турган.

Укук коргоо органдары мындай маалыматтарга комментарий бере элек.

Буга чейин жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу бийликти күч менен басып алууга чакырган деп шектелип кармалган. Анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда тинтүү жүргүзүлгөн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер