Улан Ниязбековдун ордуна Канат Жумагазиевди “кудалоо” орунсуз
“Ички иштер министри болуп Канат Жумагазиев келет экен” деген кептер көптөн бери айтылып, белгилүү чөйрөнүн талкуусуна алынып келет. Анан калса, “Камчыбек Ташиев менен жездеси Умбет Кыдыралиев дос, бул жагынан колдоосу күчтүү. Эми президент менен жакындашып, чогуу-чаран таштандыларды терип жүрүшөт” деген каңшаар да баканооздор тарабынан удургуп турган чагы.
Аныгында Канат Жумагазиев министрликке жулунбаса керек. Себеби, Чүй облусунун губернатору катары машакаттуу жумушунан баш көтөрбөй иштеп атат. Эгерде карьералык секирик жасагысы келсе, Бишкек шаарынын мэрлигине дайындалса жарашат. Сары Өзөндү башкарууда ырааттуулукка салгандай, борбор калаабыздын өнүгүүсүнө салым кошмок. Себеби, азыркы мэр Айбек Жунушалиев “кашаңдыгын” көрсөтүп, алгылыктуу жумуш жасай алган жок.
Ал эми Улан Ниязбековдун ишмердигине токтолсок, үч жыл он бир айдан бери ИИМге мурда болуп көрбөгөндөй реформа жасап, тарых жаратууда. Эгемендүүлүк алган жылдардан тарта бир да министр мынчалык жогорку деңгээлде өзүн көрсөтө алган эмес. Улан Ниязбеков саясый оюндардан, интригадан алыс, өзүнүн милдетин так жана жоопкерчиликте аткарып келатат. ИИМди материалдык-техникалык жактан жакшыртып, заманбап санариптештирүү жолуна салып, коомдук-коопсуздук абалга алдыртан анализ жасаганы, кымыштуулукка каршы ыкчам күрөшүүнү көрсөтүп, айтор, ар тараптуу иштермандыгы менен оозго алынууда. Негизи генерал-лейтенанттын профессионалдуу деңгээлин, жигердүүлүгүн баса белгилеп коёлу, мындай чакта артынан тескери сөз таратып, оюн кылуу орунсуз экенин эсибизден чыгарбасак. Ортодогу кай бир күчтөр Улан Ниязбеков менен Канат Жумагазиевди кайраштырууга, тирештирүүгө аракеттерди жасашып, кычытып келишет да. Бирок салабаттуу адамдарга майда сөздөр таасир этпесин билебиз. Андыктан, төбөсү көрүнүп калган тыңчыкмалар өздөрүнүн багыттарына жараша ийгилик жарата беришсин. А ортодогу “куучуке козуткучтарга” көңүл бурбайлы, алардын бузукулук аракеттери суу кечпейт эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити