Аскар Акаевдин коомго кошкон зор кызматын даңазалаган конференция өттү


“Чыныгы алтынды дат баспайт” дегендей эле тубаса талант, көкүрөгү көрөңгөлүү адам качан, кайда болбосун өз баалуулугун көрсөтө алат. Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин 80 жылдык мааракесине карата «Заманбап Россия: тармактык өнүгүү, технологиялык суверенитет жана жаңы чакырыктардын алдындагы экономикалык өсүш» аттуу илимий конференция болуп өттү. Аталган конференция жогоруда белгилегендей, көрүнүктүү окумуштуу, экономист жана мамлекеттик ишмер – Россия Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, Улуу Петр атындагы Санкт-Петербург политехникалык университетинин ардактуу доктору Аскар Акаевич Акаевдин 80 жылдыгына арналды. Конференциянын программасында өзгөчө орун анын маанилүү баяндамасына бөлүндү. Баяндама «2036-жылга чейинки Россиянын экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы моделин ишке ашыруу стратегиясы» деген аталышта болду.
Бул доклад уникалдуу илимий эмгек, эки беш жылдык планды камтыган он жылдыкка стратегиялык прогноз катары саналат. Тез өзгөрүүлөрдүн жана глобалдык чакырыктардын доорунда ушундай масштабдуу, ойлонулган жана узак мөөнөттүү көз карашты иштеп чыгууга жөндөмдүү экономистти табуу өтө кыйын. Бул эмгек Аскар Акаевичтин өзгөчө илимий кадыр-баркын баса белгилеген, экономикалык ойдун, стратегиялык пландаштыруунун өнүгүшүнө кошкон чоң салымы болуп саналат.
Бул Аскар Акаевичтин мааракеси куттуктоо гана эмес, анын илимге, коомго кошкон зор кызматын даңазалоо мүмкүнчүлүгү. Анын көп кырдуу чыгармачылыгы эң жогорку кесипкөйлүктүн, терең анализдин, ошондой эле көрөгөчтүктүн үлгүсүн көрсөтөт.
Мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, Аскар Акаевич! Сизге чың ден соолук, түгөнгүс энергия жана илимий-коомдук ишмердүүлүктө жаңы жаркыраган жаратмандыкты каалайбыз!
“Азия Ньюс” гезити











