Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдувахаб Мониев, публицист: “Биздин аалымдар эрди-катындын төшөккө кантип жатып-турганына чейин түшүп кетишет”

Абдувахаб Мониев, публицист: “Биздин аалымдар эрди-катындын төшөккө кантип жатып-турганына чейин түшүп кетишет”

14-март, 10:53
1 334 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   -- Абдувахаб ага, күтүлгөн саясый кампанияда Кыргызстандагы партиялардын баарына бирдей шарт түзүп, парламенттик шайлоону таза, мыйзамдуу өткөрүүгө болобу? 

-- Бүгүнкү шартта болбойт. Чыныгы демократиялык, таза, мыйзамдуу шайлоолор өтүшү үчүн адегенде мамлекетте демократиялык принципте мыйзамдуу иш жүргүзгөн накта саясый партиялардын өзү болушу керек го. Бизде андай уюмдар жок дебедикпи... “Саясый партиябыз” деген биздеги утурумдук уюшмаларда депутаттык мандат акчага бааланып, башкача айтканда, атайын “аукциондо” сатылары элдин баарына жакшы дайын. Шайлоо кампаниясында ошол арам-адал жол менен табылган акчаларды иштетишет. Анан утуп чыкканы парламенттеги, өкмөттөгү “портфелдерди” дагы ошондой эле принципте бөлүштүрөт. Коррупционерби, уурубу же каракчыбы (бандитпи), айтор, пулду ким көп берген болсо, ошонун чүкөсү айкүр. Муну “атка мингенде эле ээрге кыйшык отурган...” дейт. Кылдатыраак карасак, мамлекеттик бийликтеги  кызмат ордун сатып, адегенде эле ошол партия болмуштар (же элитабы?) өздөрү паракорлук менен шугулданып, коррупцияга, мыйзамсыздыкка барып жатпайбы? А ушунун баарын көрүп-билип турган караламан шайлоочу эмне кылат? “Мен эми депутаттыкты сатып алгыдай алым жок экен, жок дегенде булардын сапырган пулунан кичине ооз тийип калайын” дейт. “Булардын кимиси утса деле баары бир да, нени кыйратмак?” деп ойлойт. Ошентип, ким көп пул берсе, ошону шайлап кете берет. Бир жагынан караганда аныкы да туура. Партиялардын биринен экинчисинин айырмасы жок болсо...  Кечээ тигил партияда жүргөнү бүгүн мунусуна өтө коюп, талапкер дегендери башын адаштырып атса... “Кемигинде да, керкисинде да бар” деген ушул. 

-- Шайлоочулардын баары эле добуштарын акчага баалап сатпайт. Шайлоолордо кайсы бир партияны шайлап эле тим болбой, керек болсо алардан бир тыйын акы албай, акысыз эле үгүтчү болуп иштеп жүргөн мекендештерибиз деле бар го...

 -- Парламенттик шайлоолорго негизинен элет жериндеги эл активдүү катышат эмеспи. Ал эми алардын арасында кайсы бир партияга эмес, кайсы бир саясый лидерге ишенип, чын дилинен күйөрман болгон таза, баёо адамдар аз болсо да бар. Анан калганы кызмат жагынанбы, же тууганчылык, жээк-жаатчылдыктанбы, айтор, бир илинчеги табылып, кайсы бир партияга байланып калгандар. Жөн эле кыргызчылыгына салып, “сенден мен кемминби, сен муну колдосоң, мен тигини шайлайм” деп кошунасына атаандашып, акысыз чуркап жүргөндөр да кездешет. Баары бир мындай “патриот” шайлоочулар азчылык. Ал эми кыргыз саясатынын, шайлоосунун табиятын жакшы түшүнгөн, өзүн өзү сыйлаган, билимдүү катмардагы абийирдүү адам шайлоого басып барбайт. Өзгөчө шаар жеринде.

-- Кебиңизге караганда, сиз “алдыдагы парламенттик шайлоого өзгөчө маани бериштин кереги жок” деген ойдо окшойсуз. Парламенттик шайлоолор мамлекет үчүн эч кандай өзгөрүш, жылыш алып келбейт дегендик – өлкө, улут тагдырына кайдыгер карагандык эмеспи?

-- Кайдыгерлик эмес, анын тескерисинче. Бүгүнкү коомдук аң-сезимдин, караламан калктын да, элитанын да  түшүнүгүнүн, деңгээлинин, көздөгөн мүдөөсүнүн шартында, дегеле “бизде шайлоолор таза өтөт” деп ойлоо, анан “түзүлгөн жаңы бийлик кескин өзгөрүш, өсүш жасап жиберет” деп үмүттөнүү аңкоолукту, же болбосо алдамчылыкты гана түшүндүрүшү ыктымал. 

-- Өзүңүз дагы байкагандырсыз, биздин маек бир беткей пессимисттик маанайда уланып келатат. Баштан-аяк “артта калгандык, жок, болбойт, мүмкүн эмес” деген сөздөр. Эмне, баарыбыз  ушинтип келечектен үмүт үзүп, кол куушуруп отуруп калышыбыз керекпи? Мамлекетибиз дүйнөдөн татыктуу ордун таап, кыргызстандыктардын турмушу оңолуп, эл катарына кошулуп, башын бийик көтөрүп жашашы үчүн бирдеме жасаш керек го акыры?

-- “Биз бийликке келсек эле өлкөнү гүлдөтүп жиберебиз” деген “гениалдуу программалар” менен келген парламент болобу, “мен мамлекетти тез эле оңдоп, айлыкты эки-үч жылда мынча пайыз көтөрөм” деп, дегеле ишке ашпас убадаларды мойнуна илип алган президент болобу, бүт кыргыз бийлиги чындап эле мамлекеттин келечегин ойлосо, элге-журтка болгон турмуш чындыгын, болгон акыбалды ачык эле айтышы керек. А бийликке адегенде жаш баладай ишенип, анан эки-үч жылдан кийин ашатып сөгүп, “оодарыш керек” деп опурулганды адатка айлантып алган караңгы калкыбыз да баарыбыз кептелген, качып кутулгус турмуш чындыгын моюнга алып, ошого жараша жашаганга көнбөсө болбойт.

-- Анчалык эле тагдыр чечер мааниге ээ ал кайсы чындык?

-- Мисалы, бийлигибиз. “Айланайын эл, кыргызстандыктар, кыргыз калкы! Чындыкка тике карайлы, биз тарыхый өнүгүштөн жедеп артта калып кеткен элдерден экенбиз. Тамга таанып, сабат ачканыбызга, там салып, турмуш-тиричиликти жөндөгөнүбүзгө деле 100 жыл дадил толо элек. Торолуп, али балалыктан  чыга элекпиз. Билимибиз тайкы. Алдыңкы мамлекет, коом түзө ала турган күчтүү улуттарга тийешелүү жоопкерчилик, абийирдүүлүк, биримдүүлүк, билимдүүлүк, эмгекчилдик сыяктуу ийги касиеттер бизге жат! Алтургай али улут катары деле толук кандуу калыптана элек экенбиз. Керек болсо “кыргыз улуу эл, байыркы эл, аруу эл, байыркы тарыхы бар, Манасыбыз бар, Чыңгызыбыз бар” деп өзүбүздүн көкүрөктү өзүбүз каккылаганыбыздын өзү ошо кенемтебиздин – мажирөөлүгүбүздүн, бечелдигибиздин, алаңгазарлыгыбыздын белгиси турбайбы! Мына ушундан улам, сиздер менен биздер мамлекетти кыска убакыт – 5-6 жылдык бир шайлоо мөөнөтүндө тургай, 10-20 жылда деле оңдоп, өнүктүрүп жибере албайбыз. Ачык айтканда, жалпыбыздын эс-акыл, эр-кайрат, илим-билимибиз дегеле кадыресе мамлекет башкарып, аны дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошууга жетпейт. Өзүбүздү өзүбүз таанып, кемчилик-кенемтебизден арылып, өзгөлөрдүн жакшы сапатын сиңирип, жаңылануунун жолуна түшөлү. Бизден терең, бизден сергек ойлонгон, бизден бийик сапатка ээ болгон жаңы муунду тарбиялап, өстүрүүнүн камын көрөлү. Ошолор эрезеге жетип, колдон ишти алып, мамлекетти башкарууга өтсө гана, 30-40 жылдан кийин өнүгүүгө ишенимдүү бет алган түз жолго түшүшүбүз мүмкүн. Өнүккөн Кыргызстанды биз көрбөсөк да балдарыбыз, неберелерибиз көрсүн! Биз жок дегенде ошого пайдубал түптөп кетели” деген маанидеги кеп чынын айтышы керек да. Ошентип, бийлик дейбизби, же элита дейбизби, ошолор коомду реалдуу нукка салып, туура багытка бурганы оң. Мамлекеттин, коомдун өсүш же өчүшүн аныктоочу эң башкы фактор – андагы адам ресурстарынын сапаты. Бийлик да, букара да бул реалийди моюндап, намыска келбесе болбойт. А биздин акылыбыз, эркибиз ага жетпей, бири-бирибизди алдоо менен эле күн өткөрүп атпайбызбы?!  Ушинтип баш айлантмай, көз таңмай менен эле 30 жылдык мезгил, дээрлик бир муундун өмүрү кетти. Ойгонбосок, ушул таз кейпибиз менен XXI кылымды деле карытабыз. 

-- А эл ойгонуп, бул нусканы туура түшүнүп, кабыл алабы?

-- Эгер кабыл албаса, демек, андай элдин, коомдун дегеле келечеги жок.


-- Аныңыз туура. Бирок, мамлекетибизди өнүктүрүүгө жетик, абийирдүү, намыстуу андай сапаттуу муунду кантип өстүрмөкчүбүз? 

-- Ушуга чейинки адамзат тарыхы айныксыз тастыктаган бир гана жолу бар: алдыңкы илим-билим, таалим-тарбия, өнөр. 

-- Улуу Ленин айткандай, “окуу, окуу жана окуу” деңиз...

-- Ооба, ал да жөн адам болгон эмес да. Бирок, окуунун, илим-билимдин зарылдыгын ашкан атеист, совет коомунун “пайгамбары” Владимир Ильичтен алда канча мурда ыйык пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи салам да айткан. Хадистердеги анын “керектүү илимди Кытайга барып болсо да алыш керек” деп айтканын молдоке, аалымдардын бирөө да жокко чыгара албайт. Тилекке каршы, илим алыш керек дегенди, биздин молдокелер тек гана дин ажатын ачып, шариат жол-жосунун, этикетин үйрөнүү, же болбосо Куранды курулай жаттоо менен гана чектеп, бурмалап, туура эмес түшүндүрүшөт. Жөпжөнөкөй логика деле “Кытайдан болсо да илим ал” дегенде Мухаммед пайгамбар жалгыз дин илимин айтпагандыгы анык болуп турбайбы. Эмне, мусулман баласы кайрыдин деп эсептеген кытай элинен шариат үйрөнмөк беле?! Бул – тил бил, өнөр үйрөн, дүйнө таанып, акыл-эс, аң-сезимиңди өстүр, азыркыча айтканда, мыкты илим-билим алып, алдыңкы технологияны өздөштүр деген эле кеп эмеспи! Сөз арасында “калктын караңгылыгын каалайт” деген мааниде молдокелерге дагы кичине тийише кетпедикпи. Ал мындан улам айтылды: азыркы кыргыз коомунда Чубак Жалилов, Абдышүкүр Нарматов сыяктуу кээде “Кудайдан да улук сүйлөп жиберген” дин аалымдары колунда конкрет бийлиги жок туруп, “мен” деген саясатчылардан, депутаттардан алдаганча таасирдүү, кадырлуу. Бирок, булар ал кадырын эрди-катындын төшөккө кантип жатып-турганынан ажатканага кантип киришине чейинки ислам этикетин гана саймедиреп түшүндүргөндөн башкага пайдаланбай жатпайбы... Андан ашса, көпчүлүктү сокур ишеним менен Кудайга курулай кулчулук кылууга гана үндөө менен чектелишет. Анык аалымдын милдети – пайгамбарыбыздын тигиндей ыйык осуяттарынын түпкү маанисин ачып, коомду агартып, тазартууга салым кошуу, элди алдыңкы илим-билим, маданиятка чакыруу го!  А биздикилер болсо “жарма-патриоттордон” эч айырмаланбай, коомду артка, орто кылымдарга сүдүрөмөкчү болушат. 


(Уландысы бар)

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер