Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Окуучулардын 20% сабакка барбаган мектепте карантин жарыяланат

Окуучулардын 20% сабакка барбаган мектепте карантин жарыяланат

13-декабрь, 12:20
437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса коюлат. Бул тууралуу бүгүн 13-декабрда саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо боюнча абалды күнүгө мониторинг кылууда. Эгер мониторингдин жыйынтыгы мектепте окуучулардын жалпы санынан 20% сасык тумоого байланыштуу сабакка барбай жатканы аныкталса, саламаттык сактоо жана билим берүү башкармалыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карантин тууралуу сунуш киргизе алат. Министрлик азыр сасык тумоо көп катталып жатканына байланыштуу эл көп чогулган жерлерге барбай кое туруу керектигин эскертти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер