Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Хизб-ут тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрүнүн жана лидерлеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

«Хизб-ут тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрүнүн жана лидерлеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

12-ноябрь, 17:52
1 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тыюу салынган адабияттарды таратууга, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга аракеттенген «Хизб-ут тахрир» жашыруун топторунун биринин жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 

Алардын кезектеги жыйынына чогулуу учурунда кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, ал жыйынга катышкан жаш муунду өстүрүү жана окутуу боюнча экстремисттик «Хизб-ут тахрир» идеологдору тарабынан аталган жыйынга дуушар болгон жашы жете элек өспүрүм балдардын тобу катышкандыгы аныкталды.  

Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон, ал кармалгандар менен бирге УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жашыруун уячалардын мүчөлөрүнүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда тыюу салынган көп сандагы адабияттар жана ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып, алар боюнча тийешелүү экспертизалар дайындалды.

КР УКМК жарандардын тыюу салынган уюмдарга мүчөлүгү, ошондой эле жаш балдарды диний-экстремисттик жана башка кылмыштуу аракеттерге тартуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.  


УКМКнын басма сөз кызматы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер