» Саясат » Орхан Инандыны карматып берип, ондогон агартуучулардан айрылдык
Орхан Инандыны карматып берип, ондогон агартуучулардан айрылдык
26-январь, 12:09
1 283 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Отуз жылга жакын кыргыз билим берүүсүнө ак кызмат кылган Орхан Инандыны 2021-жылы Түркиянын атайын кызматы Бишкектен уурдап кетишкен. Мындайча айтканда, атайын күчтөр кармап беришкени айтылган эле. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Кыргыздын он миңдеген улан-кыздарына билим берген мөмөлүү жемишибизди баалай албадык. Тилекке каршы, Орхан Инанды камакка алынган соң, “Сапат”, “Силк Роуд”, “Кембридж” ж.б. алдыңкы мектептерден, Кыргыз-Түрк “Манас”, “Ала-Тоо” эл аралык университеттеринде иштеген агартуучулар башка өлкөлөрдөн башпаанек алышып, Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болушкан. Ушул күнгө чейин билимдүү мугалимдердин дээрлик баары жер которушту. Мамлекет ар кандай саясый кызыкчылыктардан жогору туруп, жаштардын билим деңгээлин калыптандырган катмарга кам көрүшү керек эле. Аттиң!