Өзүмдүн күйөөмдү сагындым, жараша алабызбы?

17 жашымда турмушка чыгып, үч жыл жашап, кош бойлуу боло албадым. Наристени көпкө күттүк. Акыркы күндөрү мамилебиз сууп, кайненем, кайын журтум “төрөбөйт, жашооңор болбой калды, кетир” деп атып ажыраштык. Мени дароо бир кошуна бала ала качып кетип, отуруп калдым. Үйдөгүлөрүм “отур, кал” деген суранычы мени көндүрдү. 10 күн жашап көрдүм. Баары жакшы болгону менен өзүмдүн күйөөмдү сагынып, кайра эле ажыраштым. “Элдин бетин кантип карайм? “Аялы эрге тийип келип жашап жатат дешет” деп күйөөм да үйлөндү. Ал дагы көпкө барбай ажырашты. Эми экөөбүз тең азыр ажырашып, бой жүрөбүз. Эмне кылсак болот? Кайра жарашып, жашасак уят эмеспи? Айыл, эл, тууган, душманга кантип карайбыз? Төрөй албай да жатам, кийин бетиме салып урсачы? Бирок биринчи күйөөмдү сүйөм.
Зейнеп