Адил Турдукулов: “Бабанов өзүнүн кызыкчылыгын жогору коерун көрсөттү”
-- Акүйдү курчаган тосмонун алынышын айрымдар жакшылыкка жоруса, кээ бирөөлөр коопсуздук боюнча маселе жараларын айтып, сындап жатышат го?
-- Менин жеке пикиримде, Акүйдү тегерете курчаган тосмонун алынганы мактоого, колдоого татырлык иш болду. Тосмонун алынганы – толкундоолор менен келген жаңы бийлик көпчүлүктүн талабын уга турганын, эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жоготуп, коммуникация түзүүгө, ачык болууга аракет кылган кадамы катары кабыл алсак болот. Бирок, эми элдин талабы толук ишке ашабы-жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Кандай болгон күндө да тосмонун алынышын жаңы бийликтин жакшы иши катары бааласак болот.
-- Айтмакчы, айрымдар президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабановдун биригишин сындап, Бабановдун аракеттеринен шек санап жатышат. Неге Бабановдун бийликке жакындаганы коомчулуктун шек саноосун күчөттү?
-- Бабановдун акыркы мезгилдеги аракеттери чоң бизнесмендердин саясатка аралашпашы керектигин көрсөттү. Ошондой эле Бабанов ага бир, буга бир кошула калган аракети менен анда принцип деген түшүнүк жокко эсе экенин далилдеди. Кечээ эле Атамбаев менен кошула калып, бүгүн Садыр Жапаровду сүрөп, “президенттик башкарууну колдойм” дегени элдин маанайы менен эсептешпегенин, баарынан өзүнүн кызыкчылыгын жогору коёрун билдирди. Ошондон уламбы, анын акыркы мезгилдеги аракеттери “дагы эмненин үстүнөн чыгар экен?” деп чочулатып, коомчулуктун шек саноосун күчөтүүдө.
Aryba.kg