Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Кыргыз менен казакка жарыгы тийген Аскар Салымбеков”

Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Кыргыз менен казакка жарыгы тийген Аскар Салымбеков”

17-февраль, 18:46
1 468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

5-февраль күнү филармониянын чоң залында меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбековдун 70 жашка чыккандыгы жана КР президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен юбилярга “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасы салтанаттуу түрдө ыйгарылды. Чыгып куттуктагандар Аскар Салымбековдун досчулукка бекемдигин, жаралган көйгөйдү кылчактабастан шарт чечкендигин, берген убадасын так аткаргандыгын баса белгилеп атышты. 

-- Келдибек байке, Аскар Салымбековдун колунан жардам көргөнсүзбү?

-- Бир окуя эске түшүп атат. 2022-жылы өзүмдүн 70 жылдыгымды белгилеп коёюн деп, кечемди бергени даярданып калдым. Филармониянын директору Кыргызбай Осмонов “Келдибек байке, жок дегенде алдыңкы 1000 орунду толтуруңуз. Балкон көп деле байкалбайт” деп жүрөктү түшүрдү. Эзели мындай иш башыма түшүп көргөн эмес. Айлам кетти. Анан андагы Бишкек шаарынын мэри менен мамилем жылуу эле, түз эле ошо жакка жөнөдүм. Барганымда “байке 500 билет калтырып кетиңиз” деди. Жүрөк бир аз ылдыйлай түштү. Бирок, кубанычым көпкө созулган жок. Кечем башталарына үч күн калганда шаар башчысынын жардамчысы телефон чалып, “Келдибек байке, сиз таштап кеткен 500 билет таратылбай калыптыр. Келип апкетиңиз” десе болобу! Баштан ылдый бир чака муздак суу куюлуп кеткендей болду. Жанымда байбичем бар эле. “Бас кеттик, билеттерди ал, Аскар Салымбековго баралы. Бир айласын таап берер” деди. Ошентип түз эле Аскарга келдик. Кудай жалгап, өзүндө экен. Бизди токтоосуз кабыл алды. Жагдайды түшүндүрдүк, арманымды укту. Ары жактан бирөөнү чакырып, “Келдибек байке, мобу жигит сиздин 500 билеттин, андан тышкары да кеченин чыгымына жумшай турган акчаны жетиштүү кылып берет. Кабатырланбаңыз, залды да толтурабыз” деди. Көзүмөн жаш чыгып кетти. Аны билдирбей, рахматымды беш кайталап айтып ийдим. Мына, Аскардын маселени шар жана шак эле чечип салганы!

-- Казакстандын Кыргызстандагы мурунку элчиси Мухтар Шахановдун жардамы менен казак жергесине гастролдоп барып келгениңиз кандайча болду эле?

-- О-уу, бери жагы 30 жылга жакындап калды. Ошо Мухтар бир күнү чакыртыптыр. Барсам “Келдибек баурым, сиз катышкан “Мыскыл жана тамаша” аттуу концертиңерди бу жерден көрүп, калтырбай барып чер жазып турабыз. Ушуну Казакстандын бир топ шаарларына уюштурсак болобу? Биз чыгымдардын баарын көтөрөлү” деп калды. Макул болдук да, Казакстандын Акмола деген шаарына Мерке аркылуу барып калдык. Мухтар Шахановдун жардамчысы Ракым деген жигит афишаларын илип салыптыр. Анысы аз келгенсип, “Кыргыздын куудулдары келет, уят болбойлу. Дасторконду артистердин бөлмөсүнө даярдагыла” дептир. Жүзү курусун, стол ийилет. Дүр-дүйүм тамакка толуп кетиптир. Анда Жамбыл Камчиев мага шыбырап, “Келдибек байке, мобу тасмалдын чыгымын биздин концерттен түшкөн акчадан кармап калбайбы? Чын-бышыгын билип алып жейли. Кийин өкүнүп калбагандай бололу, ичкенибиз ирим, жегенибиз желим болуп” деди эле, аны сөз арасында тактадык. Алардын бизге болгон сыйы экен. Концертти катыра бердик. Казак боордоштор аябай жакшы кабыл алышты. Аягында залда отурган улуу муундун (алды 80ди таяган) ичинен суурулуп бир топ аксакалдар “айланайындар, биз укчубуз, “кыргыз” деген бизге окшогон эл бар деп. Көрсө, силер турбайсыңарбы. Чындап келсе биз борбор шаарыбыз Алматыны көрө элекпиз. Силердин булут түнөгөн Ала-Тооңор, жайкалган Ысык-Көлүңөр, жазуучуңар Чынгыз Айтматов жана кыргыз менен казакты бирдей багып аткан Аскар Салымбеков деген азаматыңар бар экен. Анын “Дордой” деген базары болбогондо итке минип калмакпыз. Ошо базарды ойлоп тапкан азаматты таанысаңар, бүткүл казак боордоштордон салам айта баргыла. Бизде мындай макал бар “Асманда Кудай, жерде мунай (күйүүчү май), ортодо Кынай” деген. Биз ошо Кынай уруусунан тараган элбиз” дешти. Келгенде Аскар иниме жолугуп, казак боордоштордун саламын айттым. Азыр да эби келип турат. Аскар иним, “Эмгек баатыры” наамыңды, аны менен бирге 70 жылдыгыңды куттуктаганым ушу болсун!   


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер