Бекболот Талгарбеков – эгемен Кыргызстандын реформатору


Өлкөбүздүн мурдагы вице-премьер-министри Бекболот Талгарбеков 3-мартта 70 жашка толот. Бул мааракеге байланыштуу кесиптешибиз Алмаз Кулматовдун макаласын сунуш кылабыз.
Көз карандысыздык отуз төрт жыл ичинде өлкөбүздүн тагдырына олуттуу, изги таасир эткен сейрек мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бири Бекболот Талгарбеков. Ал улуттук реформатор экени талашсыз. Бекболот Талгарбековдун жети атасына чейин хандар, бектер жок. Бирөөсү комузчу, ат жандуусу каруусунан найза кетпеген жоокер, бири дыйкан, дагы башкасы уста эле. Мисалы, алтынчы атасы Сары өнөрлүү, сөзгө чечен инсан болсо, анын уулу найзакер, намыска туулган эр экени талашсыз. XIX кылымда эр сайышта курман болгон Шоңко найзакерден төрт уул калат. Шоңко найзакердин улуу баласы – Адрай. Адрайдан Мамбет жана Кулмат деген эки уул, Мамбеттен Салмоорбек жана Бекболот байкенин атасы Талгарбек.
Бекболот байке жаштайынан зирек өстү. Биринчи класска киргенден баштап мектепти бүткөнгө чейин класском болду. Жетинчи класста окуп жүргөндө окуучулардын кыялы, СССРдин билим берүү тармагында сыймыгы болгон бүткүл союздук даңазалуу «Артек» пионер лагерине барган. Бекболот байке мыкты окуусу жана жигердүү коомдук иштери үчүн сегизинчи класста окуп жүргөндө Кыргыз ССР пионерлеринин арасынан биринчи болуп Советтер Союзунун Жогорку Советинин президиумунун чечими менен «За доблестный труд» медалы менен сыйланган. Мындай жогорку сыйлыкка татыган кыргыз мектеп окуучусу жок. Тогузунчу класста окуп жүргөндө жаңы уюшулган Нарын облусунун алгачкы комсомолдук конференциясына делегат болуп шайланган жалгыз мектеп окуучусу.
Бекболот Талгарбеков 1973-1979-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окуду. Терең жана ар тараптуу билим алды. Карл Маркстын “Капиталын” конспектилеп толук окуп чыкканы келечектеги экономикалык илимий-практикалык иштерине чоң таасирин тийгизген. Университетти артыкчылык, же ошол кезде аталгандай “кызыл диплом” менен аяктады.
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Жумакан Лайлиев Бекболот Талгарбековдун илим жолундагы алгачкы устаты. Ошол доордун чыгаан окумуштуусу Бекболот байкенин кандидаттык диссертациясынын илимий жетекчиси болду.
Бекболот Талгарбеков 1983-1991-жылдары Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын экономика институтунда алгач кенже илимий кызматкерден улуу, ага илимий кызматкерге чейинки жолду басып өттү. Бул жылдары академик Турар Койчуевдин бөлүмүндө үзүрлүү иштеди. Ал кездеги жаш окумуштуунун илимий жетишкендиктери жогору бааланып, 1987-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамына татыды. Бул СССРдин масштабында эң жогорку наамдардын бири эле. Кыргызстандан бул наамга кезегинде Алыкул Осмонов, Майрамкан Абылкасымова, Кеңеш Жусупов, Акбар Рыскулов сыяктуу акындар жана жазуучулар, кинорежиссер Болот Шамшиев, композиторлор Түгөлбай Казаков, Муратбек Бегалиев сыяктуу орошон инсандар, белгилүү өнөр адамдары татыган экен. Илимде бул наамга татыган киши аз. Кыргыз экономисттеринин арасынан Бекболот байке бул наамдын жалгыз лауреаты.
Илим чөйрөсүндөгү изденүүлөр, алдыңкы көз караштагы окумуштуулар менен баарлашуу Бекболот Талгарбековдун дүйнө таанымын кеңейтет, болочоктогу практикалык зор иштерге терең теориялык билим фундаментин түзөт. Ага чоң таасирин тийгизген советтик эки ири окумуштуу болгон. Биринчиси – Москва шаарындагы Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги Владимир Тихонов. Ал окумуштуу менен жеке жолугушууларда Бекболот байке советтик коомдук айыл чарба системасынын кемчиликтерин даана түшүнүп, билет. Ал эми 1989-жылы Эстониянын Тарту шаарында дагы бир академик Михаил Бронштейн менен кенен сүйлөшөт. Ошондо ал айткан экен: “Балтика боюндагы өлкөлөрдө айыл реформасын өткөрүүгө эки ай убакыт жетиштүү. Ал эми силерге кырк жыл талап кылынат. Анткени силердин эл менчик күтүүнү жана эркин чарбачылык дегенди башынан өткөрүп көргөн эмес” деп. Ооба, көрөгөч окумуштуу болуптур.
Эгемен Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бекболот Талгарбековду илимден чоң саясатка аралаштырган, ага айыл чарба реформасын ишке ашырууда өзгөчө ишеним арткан. Ал 1991-жылы февраль айында докторантурага кирүүгө даярдык менен жүргөн Бекболот байкени өзү чакырып, аппаратына айыл чарба саясаты боюнча эксперт-консультант кылып бекитет. Ошол эле жылы ноябрь айында жаш адистин келечектүү идеяларын баамдаган президент айыл чарба министринин биринчи орун басарлыгына дайындайт. Ал эми 1993-жылы февраль айында министрдин милдетин аткаруучу кылып, ага эгемен Кыргызстанда жер жана агрардык реформанын укуктук базасын түзүп, аны ишке ашырууну тапшырган.
Бекболот Талгарбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу, айыл чарбасы боюнча вице-премьер-министр кезинде Турдакун Усубалиев анын айыл чарба реформасын жогору баалап, ага ар тараптан колдоо көрсөтүп келген. Айтмакчы, 1996-жылы парламенттин айрым депутаттары Бекболот Талгарбековду айыл чарба кредиттерин максатсыз пайдалануу боюнча куру жалаа жаап, күнөөлөп, аны кызматтан кетирүүгө катуу аракет жасашат. Ошондо Турдакун Усубалиев президент Аскар Акаевге атайын кат жолдоп, ал кредиттерди максатсыз пайдаланууда Талгарбековдун эч күнөөсү жоктугун кашкайган фактылар менен тастыктап берген жана анын кызмат ордунда калышына өз салымын кошкон.
1993-жылы октябрь айында “Легендарлуу парламентте” Апас Жумагуловдун өкмөтү бекитилет. Президент Талгарбековдун кандидатурасын айыл чарба министри кызматына сунуштайт. Өкмөт мүчөлөрүн бекитүүгө келгенде Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов: “Урматтуу депутаттар, сиздерге жаш реформатордун кандидатурасы сунушталып жатат. Бирок, сиздер ал реформаны кабыл алууга азырынча даяр эмессиздер деп эсептейм. Ошондуктан, мен анын кандидатурасын сиздердин кароого койбойм” деп өз демилгеси менен добуш салууга койдурбайт. Ошентип, “Легендарлуу парламентте” Бекболот Талгарбековдун кандидатурасы бир да жолу добушка коюлган эмес. Ал реформаны министрдин милдетин аткаруучу бойдон жүргүзгөн.
Бекболот байке өкмөттө иштей баштагандагы эң биринчи премьер-министр Турсунбек Чынгышев. Ал жогорку денгээлдеги профессионал, принципиалдуу жетекчи эле. Ал эми акылман жетекчи Апас Жумагуловдон бай тажрыйба үйрөндү.
Президент Садыр Жапаров менен ал саясатка аралаша баштаган кезден бери тааныш, бири-бирин жакшы билет. Бир чети мамлекет башчысы катары кадырлайт, экинчиден, аяш иниси жана жакшы адам катары сыйлайт. Айрыкча Садыр Жапаровдун депутат кезиндеги Кумтөрдү улутташтыруу боюнча тобокелчил күрөшүн жогору баалайт. Ырас, экономикалык тармактагы айрым кемчиликтер боюнча медиа мейкиндикте сындап да жүрдү. Бирок Садыр Жапаровдун азыркы саясатын колдойт.
Бекболот байке айрыкча сыймыктанган инсан – бул албетте, Кыргызстандагы учурдагы эки лидердин бири Камчыбек Ташиев. Ал Бекболот Талгарбековду башкы устатым (!) деп ар дайым белгилеп келет. Ондогон жылдардан бери ишенимдүү шакирти, эң жакын адамы. Бекболот Талгарбеков Камчыбек Ташиевдин коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүн натыйжалуу күрөш катары баалайт. Анын нечен жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесинин биротоло чечилиши үчүн жасаган аракети тарыхый мааниге ээ. Чанда гана саясатчынын колунан келе турган оор миссия, зор эмгек.
Кыргызстанда жер жана агрардык реформа өзүнөн өзү жасалганы жок. Бекболот Талгарбековдун тарыхта калайын деген далалатынын натыйжасы эмес. Ага тарыхый, социалдык-экономикалык, саясый, коомдук курч жагдайлар негиз болгон. Империя болгон СССР ыдырап, Кыргыз ССРи да шайы ооп, эл ачарчылыкка кептелген. Дүкөндөр бош, азык-түлүк талон менен бериле баштаган. 1992-жылы Жогорку Кеңешке гана баш ийген мамлекеттик мүлк фондусунун саясатынын, тактап айтканда, менчиктештирүү программасынын натыйжасында колхоз-совхоздорду менчиктештирүү Россиянын моделинде жүрүп, ансыз деле алы кеткен айыл чарбасы талоонго учурайт. Ырааттуу, системалуу реформа жүргүзүүгө жөндөмдүү жана дилгир болгон күчтөргө каршылык катуу болгон. Реформаторлор сунуштаган демилгелер суу кечпей, ара жол кала баштаган эле. 1991-1994-жылдары агрардык реформа жасоо үчүн айыгышкан күрөштүн жылдары болгон. Агрардык реформага катуу каршылык көрсөтүлгөн. Мына ошол мезгилде, 1994-жылы 22-мартта ошол кезде айыл чарба министринин биринчи орун басары Бекболот Талгарбеков даярдаган Кыргыз Республикасынын президентинин “Жер жана агрардык реформаны жүргүзүү жөнүндөгү” тарыхый жарлыгы чыгат. Ошентип, бүтүндөй өлкөнүн тагдырын аныктаган чечим кабыл алынат. Ага ылайык айыл элине менчикке жер, мүлк үлүшү жана чарба жүргүзүү эркиндиги берилген. Бул реформаны ишке ашыруу маммүлк фондусунан алынып, айыл чарба министрлигине жүктөлгөн.
Айта кетсек, Бекболот Талгарбеков суверендүү Кыргызстандан чет өлкөгө рынок экономикасын өздөштүрүүгө барган алгачкы адис болгон. Ал 1991-жылы жазында финансист, кийин улуттук валютаны киргизүүдө чоң салым кошкон Сагыналы Сулайманбеков менен бирге АКШнын Айова университетинде эки айлык стажировкадан өтүшөт. Ал жерде профессор Нил Харлдын сабагын алып, жылуу мамиле түзөт. Кийин 1993-жылы Бекболот Талгарбеков айыл чарба министринин милдетин аткарып турганда Нил Харлдан агрардык реформанын укуктук базасын түзүүгө жардам сурайт. Ал Айова штатындагы башкы гезитке кабар жарыялайт. Ошондо эркин юрист Роберт Хероти байланышка чыгып, отпуск алып, өз каражатына Бишкекке келип, үч жума иштеп, реформанын укуктук базасын түзүүдө кеңештерин берет. Ал эми 1995-жылы Бишкекке АКШнын айыл жерин өнүктүрүү институтунун директору профессор Рой Простерман келип, Кыргызстанда иштелип чыккан 1994-жылдагы президенттин жарлыгы менен таанышып, аны “дүйнөлүк деңгээлдеги, уникалдуу документ” деген баасын айтат. Айтмакчы, ал институт ага чейин дүйнөдөгү отуз эки өлкөдө агрардык реформаны жүргүзүүгө катышкан бай тажрыйбалуу илимий мекеме экен.
Реформаларды жүзөгө ашырууга бут тосуулар жана түшүнбөстүктөр көп болгондугуна карабастан, реформа ийгиликтүү ишке ашты. Биринчиден, теңдик орнотулду. Айыл калкына жер, мүлк үлүшүн алууга бирдей укук берилди. Экинчиден, дыйкан-фермерлерге чарбалык жүргүзүү, каалаган өсүмдүктү эгүүгө, өндүргөн продукциясына ээлик кылууга жана өз алдынча сатууга эркиндик берилди. Колхоз-совхоздордо салыктын он үч түрү болгон экен, ал эми 1996-жылы бирдиктүү жер салыгы киргизилди. Элет калкы салыкты бир жолу төлөп коюп, оокатын тынч кылууга үйрөндү. Бул системаны Бекболот байке академик Мамытов баштаган окумуштуулардын тобу менен бирге иштеп чыккан жана ал дүйнөлүк эталон болуп саналат. 1996-жылы Франциянын тажрыйбасынын негизинде “Кыргыз айыл чарба корпорациясы” (учурда “Айыл банкы”) уюшулуп, дыйкан-фермерлерди каржылоонун жаңы институту түзүлдү. Ал долбоорду президенттин, премьер-министрдин жетекчилиги алдында ошол кездеги вице-премьер-министр Бекболот Талгарбековдун жумушчу тобу иштеп чыккан. Айта кетсек, андай прогрессивдүү каржы системасы постсоветтик беш өлкөдө гана иштеп келе жатат. Айыл реформасы андан ары уланып, 1998-жылы айыл чарба багытындагы (айдоо) жерге жеке менчик институту, 2000-жылы айыл чарба багытындагы жер рынок институту киргизилди. Булар да тарыхый чечим болгон. Бекболот Талгарбеков жер жана агрардык реформаны кескин, зордук-зомбулук, буйрук жол эмес, акырындап тажрыйба топтоп, мезгилдеп, ыктыярдуу нукта түшүндүрүү жолу аркылуу экономикалык жана укуктук негизде жүргүзгөн.
Кечээки эбегейсиз империя болгон СССР кыйрагандан кийин ийгиликтүү ишке ашкан, аналогу жок, жападан жалгыз реформанын автору Талгарбеков мамлекеттик кызматка чоң интеллектуалдык дарамет, нравалык көрөңгө менен келген. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүү жолдору, мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу ар тараптуу, терең билими ага реформанын архитектурасын түзүүгө, ийгиликтүү ишке ашырууга эбегейсиз жардам берди. Мамлекетке кызмат кылуу акыл-билимге, абийирге, жоопкерчиликке негизделмеги абзел. Үч сапатка бирдей эгедер Бекболот Талгарбеков мамлекет же өкмөт башчысы да эмес, катардагы министр тургай, эки жыл гана министрдин милдетин аткаруучу болуп туруп, бүтүндөй айыл чарбасына кардиналдык реформа жасай алды. Постсоветтик мейкиндикте биздегидей мыкты реформаны толук ишке ашырган министр кездешпейт. Талгарбековдун реформасы эгемен Кыргызстандын айыл чарбасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, жерге болгон укукту жердин чыныгы ээлерине берди, эмгекке болгон мамилени жаңы нукка салды. Ийгиликтүү ишке ашса, даңкы башкаларга ыйгарыла турган, авторлору арбын болмогу анык реформа. Ишке ашпай калса, жалгыз бир гана адам күнөөлөнө турган опурталдуу иш эле. Мамлекет башчысынын 1994-жылдагы тарыхый жарлыгы менен башталган айыл реформасынан бери отуз жыл өттү. Эл-журт реформанын үзүрүн көрүп, калыс баасын берип жатат. Дагы бир канча жылдан кийин Талгарбековдун реформасынын мааниси ого бетер артып, чыныгы жана татыктуу баасын алмагы анык. Тарыхтын мыйзамы ушундай.
Кыргызстандын атактуу юристи, бир кезде Конституциялык соттун мүчөсү болгон Жумакадыр Тагайбаев XVIII кылымдагы Улуу француз революциясы элине эркиндик алып келгенин, бирок бай-кедейлердин ажырымын жойгон теңчилик бере албаганын, XX кылымдагы Улуу Октябрь революциясы болсо совет элине теңдикти камсыз кылганын, бирок эркиндикти бербегенин, натыйжасында бул эки улуу революция тең акыры кыйроого учураганын белгилеп, ал эми Бекболот Талгарбековдун революциясы эгемен кыргыз айыл элине теңдикти да, эркиндикти да чогуу берген жеңилбес, түбөлүктүү революция катары баалаган экен. Калетсиз аныктама. Бекболот Талгарбековдун айыл чарба реформасы саясатта – анык эрдик, мамлекеттик иште – чыныгы кашкөйлүк. Дарамети жетик, акылга дыйкан, кашкөй ишмер гана опуртал иштин аягына чыгат. Учурда жүз миңдеген элеттиктер менчиктин, жердин, мал-мүлктүн, эркин чарбачылыктын ээси. Айыл чарба реформасынын натыйжасында пайда болгон жаңы дыйкандар менен фермерлер – бүгүн белдүү катмар, жаратман ишкерлер. Эркин чарбага ээ элет калкы кыргыз мамлекетин багып, сактап келатканы айныксыз факт. Анын агрардык реформасы бүтүндөй өлкөнүн тагдырын, Кыргыз Республикасынын учурдагы абалын жана келечек өнүгүүсүн аныктаган негизги фактор экени аксиома.
Бекболот Талгарбеков вице-премьер-министр, Жалал-Абад облусунун губернатору, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин аппарат жетекчиси – министри кызматтарында да таза, профессионал катары изги иштерди жасады. Анын мамлекеттик, саясый, коомдук ишмердүүлүгү анда чыныгы кыргыз элитасына мүнөздүүү мыкты сапаттар бар экенин даана көргөзүп турат. Академик Абдыганы Эркебаевдин терең ишениминде, Бекболот Талгарбеков – өзүн эмес, өлкөсүн ойлогон, кыргыз элин, мамлекетин чындап сүйгөн, алар үчүн өмүрүн, башын сайган, элдин, мамлекеттин байлыгына эч көз артпаган, кол салбаган накта атуул, баатыр.
Бекболот Талгарбеков 2005-жылы март окуяларынан кийин кызматтан кетти. Ырас, жаңы келген бийлик ага ар кандай кызматтарды сунуштады, бирок ал сыпайы баш тартты. Бирок адилетсиз саясат адамды жөн жаткырбайт тура. Бекболот Талгарбеков “бир кезде реформаны ишке ашырдым эле” деп бейкапар жатып алганы жок. Ал дайыма акыйкат үчүн күрөшүп келди. Убактылуу өкмөт курган анархиялык режимге каршы чыкты. Ошол кездеги президенттин кемчиликтерин даана көргөзүп, “Атамбаев – миң жылда бир келчү кырсык" деп ачуу сынын айтты. Пикирлештери менен биригип, 2016-жылы “Элдик парламент” коомдук бирикмесин түзүштү. Бирикменин программасы, максаттары коомчулукка ачык жарыяланган. Ал учурда коррупция туу чокуга жетип, өлкөбүз рекорддук 169-орунга түшкөн экен. Коррупцияны жана адилетсиздикти ачык сындаганы үчүн Талгарбековду президент Атамбаевдин бийлиги "мамлекеттик төңкөрүш уюштурмак" деген жалган айып менен күчөтүлгөн режимде он төрт жылга соттогон. Анын үч жарым жылын абакта, болгондо да террористтер, экстремисттер менен бирге өтөп, кийин бийлик алмашканда толук акталды. Белгилүү жазуучу жана саясатчы Каныбек Иманалиев айтты эле: “Элибизде “ак ийилет, бирок сынбайт” деген накыл сөз бар. Бирок Атамбаевдин бийлиги Бекболот Талгарбековду сындырмак турсун, ийилте албады”. Таасын кеп. Ал кездеги адилетсиз бийлик “Элдик парламенттин” дагы төрт мүчөсүн соттогон. Төрөбай Колубаевди он төрт жылга, Марат Султановду он жылга, Тойгонбек Калматовду беш жылга, Александр Гусевди алты жылга абакка кесишкен. Алардын баары кийин толук акталышты. Акыры чындык жеңди.
Ал эми 2021-жылы “Коомдук кеңеш” уюму түзүлүп, Бекболот Талгарбеков жана генерал Исмаил Исаков экөө теңтөрагалыкка шайланышат. Өлкөнүн өнүгүшүнө позитивдүү колдоо көрсөткөн, конструктивдүү жаратман идеяларды сунуштаган, калыс позицияда турган коомдук уюм катары максатынан тайбады. Бекболот байке генерал Исаковду анын таза, принципиалдуу жетекчи экендиги жана ар дайым бийликке калыс сын көз карашын тайманбай айта алгандыгы, коомчулукка өзүнүн омоктуу ой-пикир, сунуштарын үзгүлтүксүз берип тургандыгы үчүн кадырлайт.
Ар бир муундун аткара турган тарыхый миссиясы, ар бир адамдын турмуштагы озуйпасы болот. Өз миссиясын түшүнүү жана аткаруу, озуйпасын өтөө – бул акылдын, дараметтин жана мээнеттин иши. “Маңдайы чолпон – таалайлуу” дейт кыргыздар. Бекболот Талгарбеков таалайы артык инсан. Анын реформасы мамлекеттин өнүгүүсүн, элдин турмушун аныктады, өлкөнүн өнүүгүсүнө эң сонун шарт түздү, элет калкын жердин ээсине, эркин, жаратман эмгектин каарманына айлантты. Ал эми Талгарбековдун тагдырына орошон инсандар тике таасирин тийгизген. Жакшы адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, үлгүлүү тарбия алды. Анын апасы Сүкөн колхоздун башкармасынын кызы, ал эми атасы Талгарбек көп жылдар бою колхоздун башкармасы кызматын аркалаган, ысымы өз айылы эле эмес, район, облуска таанымал, кадырлуу инсан болгон.
Бекболот байке мыкты мугалимдерден билим алды, чыгаан окумуштуулар анын илим жолундагы устаттары эле. Өзү да окумуштууларды тарбиялады, кыйын мамлекеттик кызматкерлерди өстүрдү. Мамлекеттик кызматтагы үзөңгүлөштөрү, шакирттери, жашоодогу достору, жолдоштору, коомдук-саясый ишмердүүлүктөгү санаалаштары – журт сыймыктанган адамдар, таанымал мамлекеттик ишмерлер. Алардын көбү доор жүзүн аныктаган улуу инсандар.
Ардактуу агабыз саясый жана коомдук иштерге жигердүү аралашып, орчундуу маселелер боюнча калыс пикирин, омоктуу оюн билдирип, тигил же бул чоң проблемаларды чечүүнүн жолдорун сунуштап келди.
Бекболот Талгарбеков Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, III даражадагы “Манас” орденинин ээси.
Өткөн жылы Бекболот байке саясат талаасын биротоло таштап, өзүнө табиятынан жакын илим чөйрөсүнө кайтып келген. Азыр экономика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, докторлук диссертациянын үстүндө эмгектенүүдө.
Алмаз Кулматов
"Азия Ньюс" гезити











