Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоо стили эч кимге окшобогон Райымбек Матраимов

Жашоо стили эч кимге окшобогон Райымбек Матраимов

30-май, 19:30
3 629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиев баштаган экс-президенттердин канча кылмыштарына күбө болуудабыз? Келечекте Сооронбай Жээнбеков да Октябрь, Кой-Таш окуялары, кызматтык кыянат, коррупциялык иштери менен жооп береби? Буга чейинки жана учурдагы үлкөн чиновниктердин жаза басышканы, чуулгандуу жоруктары ачыкталып, коомчулуктун көңүл чордонунда. Айтор, көп “маскачандардын” жүздөрү ачылып жатат.

Мындай шартта Райымбек Матраимов элдик инсан катары сыпатталып, колдоочулары барган сайын арбып, андан жакшылык көргөн миңдеген мекендештерибиз ичтеринен алкоо жасашып, урматтап келишет. “Алтынды дат баспайт” дегендей, канча мезгил өтсө да жарыгы жанган адам кастарланып, бийиктикте сакталып кала бермекчи. Себеби, каарманыбыз убагында көп соопчулук, кайрымдуулуктарды жүзөгө ашырып, милдет кылбай эле жакшылык жаратып келиптир. Башкасын айтпасак да, эки жыл катары менен пандемияда эчендеген адамдардын өмүрүн сактоодогу даңкын эстейли. Бул бир эле мисал. Башкаларын санасак сөз көбөйүп кетчүдөй...

Негизи Райымбек Матраимов бардар адам. Миллиондорунан да ички дүйнөсү бай, анан жашоого топук кылганы, чайпалбаганы, бир сырдуу жүргөнү менен өзгөчө. Жашоо стили эч кимге окшобойт. Өзүн жарнама кылуудан, бой көтөрүүдөн алыс. Канчалык мартабасы жогорулаган сайын жөнөкөй жүрүшү, Кудайга тобо келтиргени, акыретти ойлогону... Бул жалгандагы байлыкты эч ким тиги дүйнөгө артынып кеткен эмес. Ал бүгүнкү күндө да колунан келишинче пайдалуу үлгү жасап, жардамга муктаждарга кол сунуп, мына ушундай эмгектери менен өзүн бактылуу сезип, чыныгы адамдык вазыйпасын аткарууда. Жандүйнө майрамы деген ушул...

Ооба, Райымбек Матраимовдун кел-кели алдыда. Булуттан жапыз, чөптөн бийик образ күтүп, мезгилдин күрөө тамырын кармап, көп энергиясын али чыгара электир. Замандын жүгүн көтөрүү учуру келет. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” демекчи, доор алмашууда чоң сыноолорду багындырып, кыр ашмакчы. Ал күндөр да алыс эмес... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер