Акыркы кабарлар
» Саясат » Сөгүнгөн блогер Жанара камалды, Токторбаев менен Орунтаев тоготуп да койгон жок
Сөгүнгөн блогер Жанара камалды, Токторбаев менен Орунтаев тоготуп да койгон жок
19-июнь, 18:15

Ушундай. Блогер Жанара Осмоналиева ашата сөгүнгөнү үчүн үч күнгө камалып кетти. Мыйзамда көрсөтүлгөн эреже боюнча баа берилүүдө. Ошол эле кезде жогорку чиновниктердин оозунан “бок-сак” чыгып атса да, эмнеге алар мыйзам алдында жооп беришпейт? Мисалы, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев сөгүнүп пиар жасаган, министр Нурдан Орунтаев да кол алдындагыларын уят сөздөр менен ашаткан. Булар бийлигине таянуу менен камалышпаса да, жок дегенде кызматтык жаза, эскертүү алышы керек эле. Кош стандарттуулук жарабас! Эл карап турбайбы. Чиновниктер кутурушуп, каалагандай чалчаңдашып, урмат-сыйдан тайып атышса, ал эми карапайым адамдар камалып кете беришеби? Калыстык кайда? Өтө таңгалычтуу...
"Азия Ньюс" гезити