Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркектин жүрөгүн кантип тез арада багындырса болот?

Эркектин жүрөгүн кантип тез арада багындырса болот?

31-август, 00:22
2 967 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиздин тандаган эркегиңиз кандай өзгөчөлүктөргө ээ? Ал аялдардагы кандай сапаттарды баалайт? Дал ушул адам менен бактылуу болушуңуз үчүн эмне кылышыңыз керек? Эмесе, жылдыздар жардам берет.


Сиздин сүйүктүүңүз – Кой

Койлор өздөрүн күчтүү жана кайраттуу сезиши керек. Анда мындай касиеттер болбогон күндө да сиздин коргоочуңуз, бекем чебиңиз, рыцарыңыз болуусуна жол бериңиз. Өзүңүз болсо андан тез-тез жардам, кеңеш сурап туруңуз. Сиз үчүн ал дүйнөдөгү жалгыз жана алмашкыс адам экенин кулагына кумдай куюңуз. Акылдуу, күчтүү, тапкыч экенин баса белгилеп турганыңыз ага майдай жагат. Өзүңүздү алсыз, жардамга муктаж кылып көрсөтүүдөн коркпоңуз, бул ага өзүнүн жакшы сапаттарын сизге көрсөтүп алганга жол ачат. Сүйүктүүңүздүн күтүлбөгөн жерден чагылган сыяктуу чарт-чурт этип кетмелигин кечирип коюңуз. Ал сизге жинденип же таарынтып алышы мүмкүн, бирок билип коюңуз, мунун мамилеңиздерге тийешеси жок. Таарынычтарды өзү сыяктуу тез эле унутуп коюуга аракет кылыңыз. Дагы бир нерсе, эч качан сырыңызды толук ачпаңыз, болбосо анын сизге болгон кызыгы тез эле тарап кетет. Кызганууга жана сиз үчүн сарсанаа болгонго аргасыз кылыңыз, ошондо сиздердин мамилеңиздер узакка сакталат.


Сиздин сүйүктүүңүз – Букачар

Бул жылдыз белгисинин алдында төрөлгөн адамдар эркелетүүгө, жылуу сөздөргө, кучактоого жана өбүүгө муктаж. Буларсыз бир күн да чыдашпайт. Аны жагымдуу жытка курчаңыз, анткени Букачарлар жыпар жытка өтө сезимтал келишет. Үйүңүздө дайыма кооздук жана жайлуулук өкүм сүрүп турсун, ал иреттүүлүктү баалайт. Ошондой эле ал даамдуу тамактанууну жакшы көрөт, тез-тез өз колуңуздан чыккан даамдуу тамактар, өзгөчө таттуу азыктар менен эркелетип туруңуз. Анын кызгануусун жаратпаңыз, бул өтө кооптуу. Бул жаатта кичинекей нерсенин аягы жаман бүтүп калышы мүмкүн. Эгер сүйүктүүңүз менен урушуп кетсеңиз, жарашууга биринчи кадамды өзүңүз таштаңыз. Эгер чечкиндүү кадамды андан күтсөңүз, ал бир ай деле сүйлөбөй жүрө бериши мүмкүн. А сиз баштасаңыз, сизге ыраазы болот.


Сиздин сүйүктүүңүз – Эгиздер

Эгиздер – өзгөрүлмө, түшүнүксүз, эркиндикти сүйгөн адамдар. Сизге аны менен кошо ар кандай болуп өзгөрүүгө туура келет. Аны таңкалтырууну токтотпоңуз, болбосо тажатып аласыз. Эгиздер акылга, интеллектке өзгөчө көңүл бурушат. Аларды келишимдүү келбет, сулуулукка караганда акылдуу айтылган сөздөр, курч ой жүгүртүү өзүнө тартат. Эгиздерди өзүңүзгө багындырууну кааласаңыз, акыл-эс чабытыңызды кеңейтиңиз, дайыма жаңы бир нерсени билип турууга аракет жасаңыз, жаңы чыккан тасманы аны менен чогуу талкуулаңыз, белекке атактуу бир автордун китебин бериңиз. Ошондой эле алар жыттарга өтө сезимтал келишет. Кескин жагымсыз жыттар жакпайт. Андыктан өзүңүздү таза алып жүрүңүз жана косметикалык каражаттарды тандоодо абайлаңыз. Эмнеси болсо да сизге сүйүктүүңүздүн туруксуздугу менен жоопкерчиликсиздигине көнүүгө туура келет, анткени буларды эч качан өзгөртө албайсыз.


Сиздин сүйүктүүңүз – Бөйөн

“Эркектин жүрөгүнө кеткен жол ашказаны аркылуу өтөт” деген сөз сиз үчүн. Анткени Бөйөндөр даамдуу тамактарды жакшы көрүшөт жана тамак-аштын түрүн жасай алган айымдарды эч качан колдон чыгарышпайт. Бөйөндөр ата-энесине, өзгөчө энесине катуу байланып калышат. Ошондуктан алар өмүр бою энесине окшош кызды издеп келишет. Сизге сүйүктүүңүздүн апасын өзүндөй кылып тууроонун зарылдыгы жок, болгону апасындай кылып даамдуу тамак жасап, апасындай мээримдүү мамиле кылышыңыз керек. Ал эми сүйүктүүңүздүн чечкинсиздигин өзгөртө албайсыз, андыктан ага көнүүгө туура келет.


Сиздин сүйүктүүңүз – Арстан

Арстандар үчүн өзүнүн айкөлдүгүн, кең пейилдигин көрсөтүп, жакын адамдарына белек тартуулоо, алардын каалоолорун орундатуу эң зарыл. Ал эми сизден анын ар бир жасаганына кубануу, ыраазы болуу гана керек. Арстандар өздөрүнүн дарегине айтылган мактоо сөздөрдү укканды жакшы көрүшөт. Бирок, өтө эле чектен чыгып кетпеңиз, алар калп мактоолорго чыдашпайт. Дайыма өзгөрүп туруңуз, сүйүктүүңүз сизден бир эле убакта бир нече аялды көрсүн. Сырткы келбет, кооз, кымбат кийимдер Арстандардын кызыгуусун ойготот. Сүйүктүүңүздү кызгантуудан алыс болуңуз, сиз бир гана ага таандык экендигиңизден кымындай да шек санабасын. Эгер сиз дал ушул адам менен өмүр сүрүүнү кааласаңыз, өмүр бою анын кеңеши жана көрсөтмөсү менен гана жашоого моюн сунушуңуз керек.


Сиздин сүйүктүүңүз – Бийкеч

Бийкечтерге сүйүүдө сан эмес, сапат маанилүү. Ошондуктан ал өзүн бир аз эле канааттандырбаган аял менен жашагандан көрө, жалгыз жашаганды артык көрөт. Бийкечтер жумурткадан кыр издеген, өтө эле талапчыл адамдар болушат. Ага жагуу үчүн биринчи кезекте чыдамкайлык талап кылынат. Анан да тазалыкты тутпасаңыз, сүйүктүүңүзгө жакпайсыз. Эркек Бийкечтер сараң болушат, андыктан андан кымбат баалуу белектерди күтпөй эле коюңуз. Ошондой эле анын айыбын таап, бир нерсе талап кылбаңыз, бул нерсеге ал чыдай албайт. Сексуалдык жаатта койгон талабыңыз да аны чочутуп, иренжитет.


Сиздин сүйүктүүңүз – Тараза

Тараза жагымдуу, өзүнө караган, келбеттүү, акылдуу айымдарды гана өзүнүн аялы катары көргүсү келет. Тазалык жана кийимге болгон мыкты табит – Таразаларга жаккан сапат. Ал өзүнүн убадаларын эч качан аткарбайт. Андыктан анын убадаларын чыдамсыздык менен күтүп албаңыз. Ага назик, мээримдүү мамиле кылыңыз, Таразаларга мындай мамиле өтө зарыл. Тараза менен бирге жашоону чечсеңиз, үйдөгү лидерликти өз колуңузга алып, өз алдыңызча чечим чыгарууга көнүшүңүз керек. Анткени алар жумшак, чечкинсиз, эч нерседен баш тарта албаган, башкарууга жөндөмү жок адамдар болушат.


Сиздин сүйүктүүңүз - Чаян

Чаянга көбүрөөк сүйүү, төшөк оюну керек. Бул жааттагы муздактык аны менен ажырашууга себепчи болот. Бирок Чаяндар кызганчаак жана шекчил болушат, ошондуктан ага сиз тараптан туруктуулук жана ишенимдүүлүк керек. Сүйүктүүңүздүн үстүнөн эч качан күлбөңүз, Чаяндар аябай таарынчаак болушат. Алар аялдагы назиктикти, кыялкечтикти баалашат. Чаянга өзү чечим чыгарууга жол бериңиз, ал баардык жоопкерчиликти өз мойнуна алат, тоскоолдуктардын баарын өзү багындырууну каалайт. Чаянга алгач кош көңүл мамиле кылып коюңуз, сиздин мындай мамилеңиз аны шаштырат.


Сиздин сүйүктүүңүз – Жаачы

Жаачылар шайыр, мамилечил аялдарды жакшы көрүшөт. Зеригүү, тажатма, бир калыптагы жашоо, идеалдуу иреттүүлүк аны эркиндикке качып чыгууга мажбурлайт. Анүчүн достору менен болгон мамилесин чектебеңиз, саякаттоого болгон каалоосун колдоңуз. Ал сизди апасы катары эмес, досу, тарапкери катары сезиши керек. Мындай эркекти коркпой эле анча-мынча кызгандырып коё бериңиз, бул сиздердин мамилеңиздерди гана бекемдейт.


Сиздин сүйүктүүңүз – Текечер

Сиздин сүйүктүүңүз баарынан мурун жумушту, материалдык жетишкендикти алдыңкы планга чыгарат, а романтика ал үчүн эмес. Андан сюрприздерди, баалуу белектерди күтпөй эле койсоңуз болот. Сүйүүгө да сараң. Ал эми аялынан талап кылган нерсе – ишенимдүүлүк. Анын жумушуна көбүрөөк кызыгып, карьералык максаттарына жетүүгө жардам бериңиз. Кээде сизге караганда жумушун жакшы көрчүдөй сезилет, бирок аны жумушунан кызганбаңыз.


Сиздин сүйүктүүңүз – Суукуйду

Эгер сиз Суукуйду эркекти өзүңүзгө багындырууну кааласаңыз, анын күтүлбөгөн жоруктарына дайым даяр болуңуз. Өзүңүз кызыктуу, ар түрдүү болбосоңуз, ал ар түрдүүлүктү башка жактан издеп кетиши мүмкүн. Андан үй тиричилигинде жардам күтпөй эле коюңуз, сизге баарын өзүңүз кылганга туура келет. Ошондой эле сизге аягы үзүлбөгөн конокторго көнүүгө туура келет. Эгер түгөйүңүздүн мамилеси сизге карата муздак болуп жаткандай сезилсе, бул андай эмес. Болгону анын өзүнүн стили ошондой. Аны кызгандырууга жасаган аракетиңиз текке кетет. Анткени Суукуйдулар таптакыр кызганчаак эмес. Суукуйдуну эч качан үйлөнүү тууралуу сүйлөшүүгө мажбурлабаңыз, аларга бул нерсе жакпайт. Эгер керек болсоңуз, ал өзү биринчи болуп колуңузду сурайт.


Сиздин сүйүктүүңүз – Балыктар

Эгер Балыктарга башыңызды байлаган болсоңуз, анда сизге активдүү, демилгенин баарын өз колуңузга алган айым болууга туура келет. Аны күчтүү кылууга аракет жасабаңыз, андан көп нерсе талап кылбаңыз. Сиздин сүйүктүүңүзгө назиктик, түшүнүктүүлүк зарыл. Орой мамиле анын жүрөгүндө канчалык күчтүү сүйүү болсо да өчүрүп салат. Ал өзүнө ишенимсиз, чечкинсиз, ошондуктан ага сиздин колдооңуз, көңүл бурууңуз керек. Балыктарды урушпаңыз, кетирген кемчилигинин үстүнөн күлбөңүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер