Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Акылман Феликс Куловдун жазганын окуп, ыраазы болдум”

Сабыр Муканбетов: “Акылман Феликс Куловдун жазганын окуп, ыраазы болдум”

14-январь, 19:09
2 370 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Серепчи Сабыке Санкт-Петербургда жүрөт. Баласы эл аралык компанияга жумушка кириптир. Биз телефон аркылуу баарлаштык.

-- Кайсы бийлик келсе эле чапандарын алмаштыра салышып, баягы эле жүздөр кошомат кылуунун жармасын чала башташат. Маселен, Чолпонбек Абыкеев, Турсунбек Акун, Кадыр Кошалиев, Бекбосун Бөрүбашев ж.б. чалдар бийликти жакташып, бакылдап жатышат. Деги булардын өлкөбүзгө пайдасы канчалык?..

-- Кыргыз эли эгемендикке ээ болуп, өз алдынча түтүн булатканына 30 жылча болду. Мамлекет куруу тажрыйбабыз жоктугунан темселеп, шорлоп, багыбыз ачылбай, ууру-кескиге жем болуп келебиз. Эмгекке жарамдуу, өлкөнү кура турган жарандарыбыз көроокаттын айынан көрүнгөн жакка жер кезип, тентип, каңгып кетишти. А биз эсибизге келчү түрүбүз жок. “Ал жаман, бул жаман” деп, бири-бирибизге сөөмөй кезеп, өзүбүздү-өзүбүз боктоп, шыбап келебиз. Шорубузду кайнаткан катары чоңдорду, ууру-кески коррупционерлерди күнөөлөп жүрөбүз. 

А кеп чынында, ошол аткаминерлер эле күнөөлүүбү? Биз өзүбүз, калган көпчүлүк сүттөн акпызбы? Чоңдорду мактап, ууруну жактап көптүргөн ким? Жармасын ичип, боткосун жеп, эки миң сомун алып шайлап, төргө чыгарып жатпайбызбы. Элди эркечтей болуп ээрчитип, жол баштап, адаштырып жүргөндөр, албетте, сиздер, жогоруда аттарын атаган кошоматчылар. Силер айрымдарын гана жазыпсыңар, алар абдан көп. Мына ушуга окшогон жагымпоз кошоматчылар бийлик башындагыларды мактай беришип, баш айландырышып, жинди кылып салышат. Анан жиндилердин жетегиндеги эл жыргамак беле? Шорлойт да...

Эми бул арзыматтардын көбү, чын-чынына келгенде жеке кара башынын кызыкчылыгын көздөп, “эптеп бийликтин көчүгүнө кирсем” деп, айрымдары кылмышы үчүн камалып кетүүдөн коркуп жүргөн бир көрпенделер. Булар эл каргап келген чоңдор, коррупционерлер менен бирдей эле күнөөлүү.

-- Феликс Кулов Конституция өзгөргөндөн кийин кайрадан президенттик шайлоо өткөрүш керек экенин айтып, мыйзамдардын талабына негиз салууда... Сиздин пикириңиз кандай? Ырааттуулук жагынан Куловдун билдирүүсү туурабы?

-- Президенттик шайлоо менен катар өткөн референдумда эл парламенттик эмес, президенттик бийликтин үстөмдүгү жүргүзүлө турган системаны тандады. Конституция өзгөртүлүп, президенттин бийлиги абдан күчөтүлгөнү турат. Президент мурда мамлекет башчысы, башкы колбашчы болсо, эми өкмөттү да өзү башкарат.

А Садыр Жапаров эски, тагыраак айтканда, өзгөрүлө турган парламенттик системага негизделген Конституция боюнча шайланды. Ал Конституция боюнча өкмөт башчынын укуктары, тышкы саясат ж.б. ыйгарым укуктар президентке берилген эмес. Адатта, дүйнөлүк тажрыйбада жаңы Конституция кабыл алынса, бийлик бутактарынын баары кайрадан шайланып, бийликтери легитимдештирилет. 

-- Кайра шайлоо өткөрбөй эле коёлу, жаңы Башмыйзамды ишке киргизүү бөлүмүнө эле "учурдагы президент эле жаңы ыйгарым укуктарды кошуп алып, мөөнөтү бүткөнчө иштей берет, кайра шайлоо өткөрүлбөйт" деп жазып коёлу" дегендер да бар... 

-- “Боло берет турмушта, особенно кыргызда” дегендей, антип койсо да болот. Ат менен жарышып чуркагандардын оюна койсоң, "Садыр Жапаров “даканса” президент болот!" деп деле жазып коюшу мүмкүн. Бирок, анда легитимдүүлүгү аксап калат. Жалпы эл, эл аралык коомчулук эмне дейт? Элдин баары эле эйфорияда эмес, акыл калчагандар да, кайдыгер карап тургандар да бар. Дүргүгөндөр, активдүүлөр, шайлоого келгендер 30%дын тегерегинде экен. Ошолор чечип атат. Чечишсин. Бирок, коомдук пикир эске алынышы керек. Ат менен жарышкандар деле токтоп, ойлоно баштаганы байкалууда. Ошондуктан баары мыйзамга шайкеш, легитимдүүлүгү шексиз болгону туура. Феликс Шаршенбаевич дасыккан саясатчы, юрист, акылман карыялык сөзүн айтып жатат. Мен а кишинин жазганын окуп, абдан курсант болдум. Туураны “туура” деш керек.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер