Акыркы кабарлар
» Коом » Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти кызматтан кетти
Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти кызматтан кетти
10-июнь, 00:57
563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌7-июнда Борбор Азиядагы Америка университети окуу жайдын президенти Эндрю Качинс кызматын тапшырганын билдирди. Аны менен катар университеттин билдирүүсүндө Качинс АКШга кетүүнү чечкени белгиленген.
«Камкорчулар кеңеши академиялык сенат жана университеттин коомчулугу менен бирге жаңы президент издөөгө киришет» деп айтылат билдирүүдө.
БААУдан кетип жатканын Качинс студенттерге жазган катында АКШга кетүү чечими «оңой болбогонун» белгилеген. Андан тышкары, Качинс өзү кабылган «күтүүсүз жана күмөндүү юридикалык жагдай» аны ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз кылганын кошумчалаган.
"Азия Ньюс" гезити