Акыркы кабарлар
» Саясат » Самара Каримованын аты менен “Биримдик” саясатта гүлдөйбү?
Самара Каримованын аты менен “Биримдик” саясатта гүлдөйбү?
03-март, 20:42
1 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Самара Каримова “Биримдик” партиясы менен Ош шаардык кеңешине аттанганы коомчулукта сын-пикир жаратты. Өзгөчө соцтармактагылар артисттин саясатка аралашып, өз жолун билбей адашканына бушайман болушууда. (Айрымдар Оштогу сауналардын жандана турганын да эске салышты.) Башка билимдүүлөр, тажрыйбалуу адистер мүдүрүлүп аткан заманда Самара Каримова эмнени кыйратат? Ансыз да “Биримдик” партиясы көпчүлүк катмардын купулуна толбой турат. Себеби, ага мурдагы КСДПчылар, байлар толуп алышканы кабарланган. Эл болсо жаңы жүздөрдү көргүсү келет эмеспи. Кыскасы, артистти партиянын көркү кылган бийликчил “кыйындарда” туура анализ кылгандар, саясый идеологдор калбай калганбы? Кызык, ушуну менен эле “Биримдик” гүлдөп кетсе, мифке айланбайбы?..
Aryba.kg