Акыркы кабарлар
» Саясат » Байден Россия Украинага басып кирсе, чечкиндүү жооп кайтарыларын айтты
Байден Россия Украинага басып кирсе, чечкиндүү жооп кайтарыларын айтты
03-январь, 16:51
1 001 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌АКШнын президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-январда телефондон сүйлөштү.
«Президент Байден АКШ өнөктөштөрү менен бирге Россия Украинага басып кирсе, чечкиндүү жооп берерин ачык түшүндүрдү» деп айтылат Акүйдүн расмий өкүлү Жен Псакинин билдирүүсүндө.
Байден менен Зеленский украин-орус чек арасындагы абалды дипломатиялык аракеттер менен жөнгө салууну колдой турганын билдиришкен. АКШ президенти бул маселе боюнча Вашингтон Киевди кабардар кылбай туруп чечим кабыл албасын убада кылган.
Буга чейин Жо Байден менен Владимир Путин 30-декабрда телефондон сүйлөшкөн эле. Анда Байден АКШ жана анын өнөктөштөрү Россия Украинага басып кирсе, ага каршы катаал санкцияларды киргизе турганын белгилеген.
Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскерин топтогон. Москва НАТОдон Украинага жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдү уюмга мүчө кылуудан баш тартууну жана Чыгыш Европага аскер күчтөрүн жайгаштырууну токтотууну талап кылып келет.