Акыркы кабарлар
» Саясат » Курманкул Зулушевде мандем барбы?
Курманкул Зулушевде мандем барбы?
16-ноябрь, 20:33


Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин орун басары Кубан Адыл уулу массалык башаламандык уюштурууга, бийликти басып алууга айыпталып, камакка алынды. Аны менен кошо куралдуу дагы алты адамдын кармалганы кызык бекен? Аракты да ящиктеп арбын алышыптыр. Коомчулук таңыркап, талкууга жем ташталды. Булар жүздөгөн ышкыбоздор менен улак тартыш уюштуруп, ошонун аркасынан ач-айкырык, куу-сүрөн салышмакпы? Тар чөйрөлөрдө ар кандай айың-кептер агылды. Бул топтун башында белгилүү бай адамдар болушу мүмкүнбү? Ошолордун бири Курманкул Зулушев беле? Жөн жерден каңкууланбаса керек. Азырынча ИИМ жетиштүү жана көмүскө маалыматтарды чыгара элек. Иликтөө иштерине карай бир топ бүйүр кызыткан аракеттерге күбө болобузбу?..
"Азия Ньюс" гезити











