Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азыркы күндүн күйүп жаткан көйгөйлөрү

Азыркы күндүн күйүп жаткан көйгөйлөрү

08-август, 13:13
610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы парламентке эл нааразы. Эмнеге нааразы? Баарынан да алардын айдамалыгына, өз алдынча чечим чыгара албаган мажүрөөлүгүнө нааразы. Элди таажылуу вирус пандемиясы каптап, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбеков өңдүү өздөрүнүн кесиптеши ооруп, акка моюн сунду, калктын руханий таянычы, тоосу болгон Чубак ажы дүйнө салды. Эл боо түшүп, чалгы менен чапкандай жыгылып ооруп жатса, аларды жаткырганга ооруканаларда орун жок, ыктыярчылар түн уйкусунан безип, медайымдар, дарыгерлер онтогон оорулуулар  менен алек болуп, азап тартып жүрүштү. Ушундай карашалаган учурда бир жагынан дары-дармектин баасы дарыканаларда асманды чапчып, эң керектүү дары-дармек жең ичинен сатылып, дефицитке айланды. Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетпей, ооруп жаткандардын көбү көз көрүнөө бу дүйнө менен кош айтышты. “Башы оорубагандын Кудай менен, балтыры сыздабагандын ажал менен иши жок” дегендей, депутаттар болсо чөнтөктөрүн кампайтып, отпускнойго толтуруп, каникулга тарап, чет өлкөгө кетчүсү чет өлкөгө саякаттап, курортко кетчүсү курортко эс алганы жөнөп кетишти. “Ач кадырын билбесең, аччылык берсин жазаңды” демекчи, “эл кадырын билбесең, эпидемия берсин жазаңды” дегиң келет экен. Көсөм элибиз мындай жагдайды “дүйнөнү сел алса, акмактын тушарына чыкпайт” деп көрөгөчтүк менен айтып койгон турбайбы.

Алардын кайдыгерлигине таңкалбай коюуга болбойт. Болбосо, депутаттар эл өкүлү деп эсептелет. Анан эл башына күн түшүп турганда элге кызмат кылбаган, элге күйбөгөн депутат – ал эмне болгон депутат? Депутаттар жок дегенде көкөлөп кеткен дары-дармектин баасын көзөмөлдөп, дары-дармек департаментинин отчетун алып, жок дегенде ушул жагын жөнгө салып, элге жардам берсе болмок. Вирустун шылтоосу менен рентгендин баасы асманга учту, менчик медициналык борборлор рентгендин баасын 850-1000 сомго көтөрүштү, күндө миңдеген бейтаптар рентгенге түшүп жатат, муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Эмканаларда күндө кезерип кезек күткөн миңдеген бейтаптардын убалы кимге? Кыргыз өкмөтүнүн шалаакылыгынан пайдаланып, дары саткан фирмалар элдин эсебинен, балким он эсе, балким жүз эсе байышты. “Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман” болбой, эгер бийлик бар болсо, булардын тизгинин тартып, тартипке чакырбайбы? Ушундайда кимдин ким экени билинет экен да. Себеби, биздин депутаттардын көбү кайдыгер экенине күбө болдук. С.Атамбаев “депутаттардын тизмесин шопур түзгөн. Шопур өзүнө окшогон депутаттарды алып келген” деп алардын абийирин аштай төктү го? Чындыгында эле шопурдун деңгээлиндеги депутат бир маселеге түшүнүп, ошону көтөрүп чыгышына күмөнүм бар. Мейли, ал ичкүйдүлүк менен айтып жатат дейли. Антейин десең, бодолонуп иштей албаган, эпидемиологиялык кырдаалга туура баа бере албай, эпидемия жок кезде эки ай элди эзип, экономиканы сызга отургузуп, дайыны жок карантинде кармап жаткан өкмөттүн куйругун толгогонго жараган жок парламент. Депутаттар андай кыйын экен, иштей албай жаткан өкмөттүн “жазасын” берсе, өпкөсүн үзсө болмок. Ошондо эл депутаттарга ыраазы болот эле да. 

Ошентип, эми Жогорку Кеңешке жаңы шайлоонун алдында турабыз. “Жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда” дегендей эле кыйын кырдаал түзүлдү. Эми  элдин эсебинен байыган, мамлекеттин казынасын талап-тоногон коррупционерлердин акчасына алданбайлы. Себеби алар элди, мамлекетти эч качан ойлогон эмес, ойлобойт дагы. Ошондой улутбезерлердин айынан Кыргызстан кайра-кайра сызга отуруп, эл талаада калып, тышкы карыздар көбөйүп  жатат. Эртеңки күнү Кыргызстанды дагы кандай кыйынчылыктар, азап-тозоктор күтүп турганы белгисиз. Ошон үчүн караңгы, билимсиз эргулдардын акчасына алданбай, өз мээнети менен өсүп, мамлекетке ак кызмат кылып келаткан, элге төбөсү көрүнгөн, мурдагы адилетсиз бийлик четке сүрүп, ыдык көрсөтүп, өгөйлөп келген нагыз мекенчил уул-кыздарыбызды шайлайлы. Акчага сатыла берип, ушул күнгө жеттик, эми душманга таба, доско күлкү болбойлу. Өлкөнү кризистен чыгарганга жарыгы, шарапаты тийе турган, конструктивдүү концепцияларды иштеп чыга турган саясый эрки бар, күчтүү мыйзам чыгаруу бийлик бутагын түзүү – мезгил талабы. Дэн Сяопин Кытайды кризистен чыгарган реформасын баштаганда Маонун бийлиги куугунтуктаган Цзян Цзэмин, Ху Цзиньтао, Си Цзиньпин сыяктуу жаңы муундагы лидерлерди кызматка коюп, көтөргөн. Ошолор Кытайды Кытай кылып, күчтүү, бай мамлекетке айландырышты. Биз да өлкөнү көргө эмес, өргө сүйрөй турган, эл үчүн кам көргөн жигердүү, кубаттуу, кайраттуу, даанышман лидерлерди тандайлы.  

“Момундай кыйын учурда шайлоо өнөктүгүн өткөрбөй эле элдин камын көрөлү, эл кыйналып турат” деп демилге көтөрүп чыккандар бар. Албетте, мунун да жүйөсү бар, анткени өлкөнү тегиз каптаган таажылуу вирус пандемиясы элди кыйнап, алсыратып койду. Кечээ эле арабызда жүргөн канча замандаштарыбыз менен түбөлүккө кош айтыштык, канчасы көзүн жалдыратып жандандыруу бөлүмүндө жатат, ооруканаларга батпай, бул тумоого кабылгандардын канчасы үйүндө тамчылатма дары алып, Кудайга жалынып, дартына дабаа издеп жатышат.  “Ооруну сураса, айыкканга тете” дегендей, элге жардам уюштуруп, колкабыш кылып, элдин ден соолугун ойлоп, бул илдетке кабылгандарга жардам берип жаткан ыктыярчыларга, жеке ишкерлерге, ийне сайып, тамчылатма дары куюп жаткан медайымдарга, дарыгерлерге миң мертебе ыраазычылык! 

Азыркы учурда аба менен суудай керек болуп турган боорукерлик акциялары, “жакшынын шарапаты” дегендей ыктыярчылардын, чет өлкөдөгү бир боорлорубуздун жардам беребиз деген жакшы ниетин, ак жүрөктүгүн, патриоттук демилгесин колдойм. Баардыгыбыз патриот болуп, элибизге жардам берели, бири-бирибизге кол суналы. Себеби, элибизди кара тумоодой каптаган бул илдетти ынтымак, биримдик, патриотизм менен гана жеңе алабыз. Ооба, эң  ириде улуттун ден соолугу, саламаттыгы биринчи орунда турушу керек.   

Кыргыз бийлиги мойнуна шорпо төгүлмөйүнчө айрым маанилүү маселелерге көңүл бөлбөй жүрө берет. Маселен, Баткенге боевиктер каптап киргенге чейин армияга көңүл бурулган эмес. Эми таажылуу вирус пандемиясынын келиши, жайлышы менен саламаттык сактоо тармагы каралбай калганы, ооруканалардын, эмканалардын абалы өтө начар экендиги, медициналык аппаратуралардын, аспаптардын тартыштыгы, эң негизгиси, дарыгерлер, медайымдардын жетишсиздиги, дары-дармек тармагындагы башаламандык ачыкка чыкты. 

“Жалган эсеп түпкө жетет” дейт элибиз, “баардыгы жакшы болуп баратат” деп кенебей, катаал реалдуулук менен эсептешпей, өзүбүздү өзүбүз сооротуп,  камырабай, беймарал отура турган учур эмес. Себеби, “оору батмандап кирип, мыскылдап чыгат”. Саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтерди жоюу, ага  кам көрүү сыяктуу түйүндүү проблемалар каралып, эпидемиологиялык кырдаал  боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү керек. “Бул капсалаңдан кантип чыгабыз? Эртең пандемиянын экинчи толкуну келсе кандай болот?” деген курч маселелер  күн тартибинде күйүп турат. Жогорку Кенештин кезексиз сессиясы чакырылып,  өлкөдөгү эпидемиологиялык абал талкууланып, саламаттык сактоонун маселелери каралып, улутту сактап калуу, калктын саламаттыгы боюнча программалар иштелип чыгып, кабыл алынышы зарыл. 


Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер