Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бирөөсү түзүк. Үчөө ИИМди уят кылат го...

Бирөөсү түзүк. Үчөө ИИМди уят кылат го...

16-сентябрь, 19:13
960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл ноябрь айында милициянын 100 жылдык салтанаты өтөт. Ага карата ИИМде үлкөн иштер жүрүп жатканы маалым. Жакында өздүк курамга 100 автоунаа берилди. Бул да чоң саамалык болду. Мааракеге карата даярдык кыйла жогорку деңгээлде... Айтмакчы, быйыл генералдыкты алууга ашыккан айрым полковниктерге токтоло кетели. 

Каныбек Абдырахманов

Биринчиси, Чүй ОИИБ начальниги Каныбек Абдырахмановдун генерал-майор алары боюнча аты чыгууда. Бул жигиттин аракети бар. Жумушунун жыйынтыгын көрсөтүү керек. Кыска аралыкта көтөрүлүп, жооптуу кызматтарды аркалап келатат. Азырынча жаштык кылбайбы?..

Нурланбек Бурканов

Экинчиси, Ош ОИИБ башчысы Нурланбек Буркановдун дагы амбициясы ойгонуптур. Агасы Арзыбек Буркановго таянып алып, чоң жылдызды тагынууну кыялданса керек. А кылган жумушунун дайны жок, өздүк курамга уят болуп, билим, тажрыйбасынын жетишсиздиги кепке кемтик кылууда. Жасалма түрдө чоңоюп, милдетин аткара албаса деле ашына береби? Арабасын тарта албай, ИИМге тескери сөз тийгизип келет...

Азенбек Козукеев

Үчүнчүсү, Талас ОИИБ начальниги Азенбек Козукеев да генералдыкка козуп калганы каңкууланды. Муну атасы чоңдорго суранып жүрүп, эптеп көтөрдү эле. Кызматтык милдети ортозаар, өзүн тийешелүү деңгээлде көрсөтө алган жок. Көптүн бири. Эгерде жумушун калыс маанайында текшере келсе, айыбы ачылып калбайбы? Азырынча “өз бала” катары өгөйлөнө элек. Оозго алына турган эмгеги деле жок...

Улан Султанов

Төртүнчүсү, ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармылыгынын башчысы Улан Султанов коллективин жөндөй албай, интригага батып калганбы? Жакында Болгариядан 40 миллион долларлык баңгизат кармалганы ЖМКларга чыгып, ал Кыргызстан аркылуу өткөнү кандай? Мына ушундан эле Улан Султановдун ишмердигине баа берели. Өлкөдө баңгизаттарга каршы күрөшүү иши натыйжалуу болбой, жаштардын кайсы бир бөлүгү уулуу затка азгырылып кеткенин окуп, угуп эле жатабыз. Артында чуулгандуу иштери көп...

Кыскасы, Нурланбек Бурканов, Азенбек Козукеев жана Улан Султанов жаза тайып генералдыкты алып калышса, анда эле ИИМдин беделине шек кетип, олуттуу сын-пикирлер айтылышы ажеп эмес. Биз татыктууларды санабай эле коёлу, бирок бул үчөөнөн башкалары жокпу?..  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер