Путин Европага газ берүү кыскара турганын айтты


"Түндүк агым-1" газ кууру менен Европага көгүлтүр отун жеткирүү июлдан тартып кыскарат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында айтты. Ал мунун ордун толтуруу үчүн "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүүнү сунуштады. Аны Германия Москванын Украинага кол салуусунан кийин токтотуп койгон эле.
Путиндин сөзүнө караганда, келерки аптадан тартып россиялык "Газпром" монополист компаниясы газды сордурган агрегатын оңдоого жиберет. Натыйжада "Түндүк агым-1" куурундагы өткөрүү суткасына 30 миллион куб/метрге чейин түшөт. Бул анын кубаттуулугунун бештен бирин түзөт.
Украинадагы согуш башталгандан кийин “Газпром” аталган газ кууру менен өткөрүүнү 167 миллион куб/метрден 67 миллион куб/метрге чейин азайткан. Андан кийин оңдоо иштерине байланыштуу токтотулган жана 21-июлда газ берүү кайрадан жанданмак.
Россия 11-июлдан тартып "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу Германияга көгүлтүр отун жеткирүүсүн токтоткон. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экени жана ага чейин эки турбина бузулганы айтылган. Ушул күндөрү Канада куурдун турбиналарын оңдоп бүтүп, кайра кайтарган. Ага карабай Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү Украинадагы согуштун фонундагы тирешүүдөн улам газ берүү кайрадан жанданышынан күмөн санап турушат. Мындай жагдай Европада кризис жаратышы мүмкүн.










