Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржамал Торобековага олуттуу суроолор бар. Президенттин саясатына каршыбы?..

Нуржамал Торобековага олуттуу суроолор бар. Президенттин саясатына каршыбы?..

30-октябрь, 22:17
717 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке карата шайлоону өз көзөмөлүнө аларын билдирип, саясый атаандашууну тазалыкта өткөрүүгө чакырык жасаган. Аныгында, административдик ресурс колдонууга, чиновниктердин аралашуусуна, акча таратууга каршылык көрсөтүлүп, мыйзамдуу аракеттер жасаларына ишене туралы. Ошондой болсо да биз алдын ала коңгуроо кагып, №8 округдан Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанган Нуржамал Торобекова боюнча олуттуу суроолорду жолдоп коёлу. Кийин кеч болуп калбасын. 

Нуржамал Торобекова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жакын карындашы (таяке-жээн) болсо, тууганчылык кызыкчылыктары кагылышпайбы? “Кол ийрисине тартуу” кыргызбайчылыгын тыя алабызбы? Нуржамал Торобекованын дагы бир агасы ишкерчилик кылган өндүрүшүнө айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев барып, эл көп чогулган жерде таасир жаратып жатса, кандайча түшүнөбүз? Бакыт Төрөбаев менен Тынчтык Шайназаров башынан жакын достор, партиялаштар, парламентке да чогуу депутат болушканы жалганбы? Ошондо бул көрүнүштөн улам айыл чарба министри да кыйыр түрдө мыйзам бузууга барып жатабы? Дагы бир жагдайдан алганда, Нуржамал Торобекова декларацияга эки үйүн көрсөтпөй, жашырып, анысы боюнча жакын арада сот процесси өтсө да кандайча ийгиликке жетишүүдө? Кыскасы, талапкер Нуржамал Торобекова боюнча алдыртан эле ушунчалык шектенүүлөр жаралып жатса, аягы кандай болот? Президент Садыр Жапаров кепилдеген таза шайлоо өтөбү же?..

Натыйжада, дал ушундай күмөн саноолор жаралган соң, биз атайын суроо жолдоп, адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка карата жол чабылуусуна салым кошолу. 

А эң кызыгы, дал ошол №8 округдан Жогорку Кеңештин шайлоосуна коомдук ишмер Жылдыз Жолдошова да аттанып атса, ага карата алдыртан даярдалган кыянаттык эмеспи? Бул суроонун жана башка көптөгөн жагдайлардын түйүнү да жакында ачылмакчы.  


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер