Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош ШИИБ начальниги Марлис Асановду кубалап чыгышабы? Өздүк курамдын маанайы начар...

Ош ШИИБ начальниги Марлис Асановду кубалап чыгышабы? Өздүк курамдын маанайы начар...

07-август, 12:02
444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2018-жылы чырактай кыз Бурулай Жайыл РИИБден өлтүрүлүп, бүт дүйнөгө атагыбыз чыккан. Милициянын кабинетинен көркоо тарабынан бычакталган эле. Бул үчүн бир катар жетекчилер айыпталып, алардын сап башында Чүй ОИИБ орун басары Марлис Асанов да шалаакылыгы үчүн кызмат ордунан айдалып кеткен. Бирок, карьера жасап келатат...

Колдоочулары күчтүү экен, буга чейин Талас ОИИБни жетектегенге үлгүрдү. Ийгилигин көрө албадык. Ал жактан да сын-пикирлер айтылган. Кийин Ошко секирди. Эми чуулган ошол жактан чыкчудай...

Өткөн жумада «түштүктөн оюн салган формачандар» чыгышып, нааразычылык акциясын өткөрүүгө жетишип калышты. ИИМдин Ош шаары боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери жетекчисине каршылык көрсөтүшүп, көмүскөдөгү көп былыктарын айтышты. Мындай көрүнүш уят! Мыйзамга да сыйбайт. Андыктан, өздүк курамдагы «тентектер» менен кошо жетекчиликтин да жоопкерчилиги каралышы керек. 

Андан сырткары «дадил» кеп бар. Жакынкы күндөрү Ош ШИИБ начальниги Марлис Асановго «тоюп бүткөн» кызматкерлер каршылык көрсөтүшөрү каңкууланды. Азырынча күч менен басууга, коркутуп-үркүтүүгө аракет кылышкандары кандай? «Шибегени капка ката албайсың» дейт. Марлис Асанов керкейип, коллективге тескери мамиле жасаганы, уюштуруучулук жөндөмү жетишпегени, өзү үлгү көрсөтө албаганы, айтор, демилгесиз эле айланасын демите бергени жакпай атыптыр. Өздүк курамда интрига күчөп, тиш кайрагандар арбып, «жарылчудай» абалга жакындап калдыбы? Ошондо Марлисти мат кылышып, көчөгө кууп чыгышпайбы? Күтө туралы. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер