Кыргыздын стратегиялык акыл-эси – элибиздин улут катары сакталышынын гаранты
1. Манас: “Аркамда калган бул элди, тоздурбастан ким баштайт?”
Капчыгын эмес калайык калкын, менчигин эмес мекенин ойлогон, коктусун эмес коомун, уруусун эмес улутун ойлогон, болор болочокко кайгуул салган стратегиялык акыл-эс кыргыздын сап башынындагы уул-кыздарына мүнөздүү болуп келген. Арканды узун таштап, алысты ойлогон, жол баштаган азаматтары, чыгаандары жок эл туюкка кептелип, карып болуп калышы мүмкүн.
Манас ата алды жакты, келечекти ойлоп, санааркайт, коогалуу жоокердик заманда өзүнүн да, журтунун да эртеңки тагдыры жөнүндө толгонуп, убайым чегет:
Менин көзүм өткөндө
Кагылайын калайык
Эл эмине болот дейм?
Тукабадай кулпурган,
Жердеген пенде туйтунган
Жер эмине болот дейм?
Каз-өрдөгүн чуулаткан,
Көл эмине болот дейм?
Тагдырым жетип дүйнөдөн
Ажалым жетип окко учсам,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт,
Калып калса бул элди,
Капа кылбай ким баштайт?!
Долоно саптуу айбалта
Толгондурбай ким аштайт,
Тоорулуп кетсем дүйнөдөн
Аркамда калган бул элди
Тоздурбастан ким баштайт?!
Бул мекендин, эл-журттун кийинки тагдыры жөнүндөгү улуу санаа. Мынакей, Манастын жарандык-атуулдук, улутмандык акыл ойломунун ажайып мүнөзү. Мынакей, баатырдын руханиятынын гуманизми. Мынакей, журттун келечеги менен санааркаган улуу мекенчилдик. Калк тагдырын кайтарган стратегиялык акыл-эс. Мынакей, айкөлдүн инсандык кең кулачтуулугу жана Ата журт болочогу тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна көтөргөн рухий асылдыгы!
2. Манас бабасынча ойлонгон Курманжан датка
Улуу адамдардын жарандык – атуулдук өзгөчөлүгү, биринчи иретте алардын улут масштабында ойлонушкандыгында, журтунун өткөнүнө, бүгүнкүсүнө серп таштап, келечегине кайгуул салып тургандыгында. Бул жагынан “Алай ханышасы” – Курманжан датка Манас бабасына окшош. XIX кылымда Орто Азияны ак падышанын баскынчылары каптап, элинин башына мүшкүл түшүп турганда Курманжан датка калк тагдыры, журттун эртеңкиси жөнүндө убайым жеп, минтип толгонуп турат: “Арты кандай болор экен – оруска карап берип тынгандын, өлкөбүз жаттын колуна өтсө, элибиздин эртеңки күнү не болот? Жумшаса кулу, минсе малы болуп кала береби? Дини, дили кандай болот?” (“Сынган кылыч” романынан) Улут тууралуу санааркаган улуу акыл-эс ушул эмеспи.
3. Чыңгыз Айтматов: “Дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртеңки күнүбүз кандай болот?”
Ал эми улуттун улуу уулдарынын бири Чыңгыз Айтматов глобалдашуу доорундагы кыргыз журтунун тагдыры жөнүндө моминтип ой толгоп, санаа чегет: “Биз дүйнөгө дүйнөлүк бийиктиктен улам кароого милдеттүүбүз. Ошол ач шамалдай аркырап келаткан кубулуштарга биз чыдап туруштук бере алабызбы?.. Туруштук деген кармашуу эмес, ал акыл таразалаган атаандаштык, саясат, дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртенки күнүбүз кандай болот?.. Ким менен, кайсы ой менен бул дүйнөлүк сахнанын океанында бир кайыкта, бир багытта сүзөбүз? Биздин дүйнөлүк интеграцияда ордубуз, алган багытыбыз болушу керек. Элибиздин келечегин эч качан дүйнөлүк реалдуулуктан ажыратып карай албайбыз”. Глобалдашуунун кыйчалыш кыйын-кезең заманында Ч.Айтматов мына ушинтип, Ата журт тагдыры жөнүндө Манасчасынан, Курманжан даткадай ойлонуп, толгонуп турат. Манас, Курманжан датка, Чыңгыз – улут лидерлери, улуттун Асан кайгылары. Калктын басар жолуна чалгын салып турган кеменгерлер. Үчөөнүн калк кызыкчылыгын кайтарган стратегиялык акыл-эси жана мекенчил адеп-ахлагы – муундарыбыздын руханий мектеби. Эгерде бүгүн биз Ала-Тоонун ар бир жараны Ата журтубузду Манас атадай сүйсөк, мекенибизге Курманжан даткадай, Чыңгыз абабыздай күйө билсек, көзүбүздү чоңураак ачып, кенен ойлонуп, бул үч улуу инсаныбыздын акылмандык, жарандык – атуулдук өрнөгүн үлгү тутуп, активдүү патриоттук аң-сезим, масштабдуу ойлом, күжүрмөн иш-аракеттер менен жашай билсек, анда өлкөбүз цивилизация жолунда Аккула тулпардай жана Гүлсары күлүктөй таскак салары шексиз.
4. Ата журттун стратегиялык кызыкчылыктары үчүн ичтен ширелишкен Манас менен Бакай
Кайрадан “Манаc” эпосубузга келели. Эл, жер деген улуу максаттар үчүн жашаган улуу каармандары бар болгондугу үчүн Манас Манас болуп жашап келет. Байкасак, Бакай тээ жаш чагынан тарта эле баскынчы душмандын таман алдында тепселип, кор болгон Ата мекени үчүн күйүт чегип, бир боор эл-журтту кулдуктан куткаруу үчүн жоого каршы жол баштаар баатырдын чыгышын эки көзү төрт болуп күтүп, эгер ошондой көкжал шер эл ичинен чыкса, аны менен «чалгынды бирге чалууга, доону бирге доолашууга, жоону бирге жоолашууга» даяр болуп, атүгүл ошондой шерди жер кыдырып, эл кыдырып издеп да жүргөн экен. Манас Бакайдын «ажалдан кайра тартпаган, атышкан жоодон кайтпаган шердигин, билбегенди билгизген билгичтигин, туйбаганды туйгузган туйгундугун түшүнүп, эл-жер деп соккон жүрөгүн тыңшаган соң, “Кудайымдын бергени ушул” деп чечекейи чеч болуп: «Тулпардын башын буруп бер, ата болуп өзүмө, тутка болуп туруп бер, кара жаак айбалта кайкалатпай аштаңыз, казак менен кыргыздын жолун өзүң баштаңыз» деп абасына кучагын ачып, ак көрпө жайыл болот.
Кыскасын айтканда, Манас менен Бакайдын өз ара жуурулушкан биримдигинин тамыры журт боштондугу, ак калпак кыргыздын эркиндиги үчүн көз карандысыз кыргыз хандыгын, мамлекетин түзүү, «кулаалы жайып куш кылуу, курама жыйып журт кылуу» үчүн «башты канжыгага байлаган» каарман күрөштүн улуу идеясына барып такалат. Алардын биримдиги улут кызыкчылыгы деген улуу «материядан» агып чыгат. Бул жагдайды академик Болот Юунусалиев “өскөн жерди, туулган элди сүйүү мотиви каармандардын кылган аракеттерине, кулк-мүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат” деп туура белгилеген (Юнусалиев Б. Кириш сөз. Китепте: Манас, Фрунзе, 1958, 30-б). Экөөнүн достугу, дагы айталы, бийик идеялык чекиттен кездешкен философиялык достук. Ата журт эркиндиги философиясы эки шер үчүн эч нерсе менен алмаштырылгыс эң жогорку дөөлөт. Ушул жогорку дөөлөткө кызмат кылууну экөө өмүрдүн маңызы катары санашат. («...калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин» - Манас). Экөө ички ой-тилек, мүдөө-максат жагынан эгиздер. Эки шердин ичтен ширелишкендигинин, жуурулуушкандыгынын себеби ушул жерде.
5. Ак калпак кыргыздын тагдырын ойлоп, санааркаган кеменгер Кошой
Кошой менен Бакайды рухий эгиздер дээр элек. Экөөнүн бир боор мекен, башына түн түшкөн бир тууган эл-журт жөнүндөгү адамдык жана атуулдук толгонуулары, санаркоолору окшош. Улуу жазуучу Ф.Достоевскийдин бир ою эске түшөт. “Адам кул болбош керек, жашоонун маңызы эркиндикте, киши деген жаным тынч, курсагым ток, кийимим бүтүн болсо болду деп өзүнүн эркиндигине, боштондугуна кайдыгер карап, кол шилтеп, “акылдуу” бирөөлөрдүн “чүлүктөп” жетелеп башкаруусунун, үстөмдүгүнүн алдында күн көргөндү ыңгайлуу көрүп, тагдырынын боо-тизгинин чоочун колго табыштап, эркиндигин күчтүүлөрдүн “аталык камкордугунун” астындагы “курсагы ток турмушка” алмаштырган киши өзүнө өзү кыянаттык кылганга барабар” деген. Кошой “тагдыр ушундай экен, жалгыз менин колумдан эмне келет, карып да калдым” деп жеке тынчтыгын ойлоп, Алоокеге тизгинди карматып салып, салыгын төлөп коюп, Чеч-Төбөдөгү коргонунун ичинде беймарал жата бериши да мүмкүн эле. Бирок мындай жосун Кошой үчүн мүмкүн эмес. Кошой мындай кадамды өзүнө гана каршы жасалган кыянаттык эмес, жалпы калайык-калкка, Ата журтка каршы иштелген кечирилгис кылмыш катары эсептемек. Кошой «Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды» деп сүйүнөт. Байкайлычы, бул сөздөрдө кандай терең маани жатат? Не деген философия, бул жерде? Байкасак, Кошой үчүн эли журтунун жоонун колуна өтүп, туткунда калышы, душмандын таман алдында кулчулукта онтоп жатышы – эл коргогон эрдин, баатырдын өлүмүнө барабар нерсе. Калайык калкы азаптын чеңгелинде жатса, муну көрүп туруп, баатырдын тирүү басып жүргөнү – анын тирүүлөй көмүлгөнү. Кошойдун ар-намысы ушунчалык күчтүү, кыргыз элинин күнкор абалы үчүн өзүн күнөөлүү эсептеп, мындан улам ал жер үстүндө эр катары “тирүү өлүк” болуп жашап жүргөндөй сезет.
Ошон үчүн элди кулчулуктан куткарар Манас “жарк” этип капысынан көрүнгөндө, Кошой жанагинтип, «Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды» деп терисине батпай кубанып отурат. Манастын куткаруучу миссиясы – чынында Кошойдун да мисиясы, улутту сактоо – Кошойдун да өмүр бою көксөгөн мүдөөсү, эңсеген тилеги. Демек, образдуу айтканда, Манас – Кошойдун эгизи, болгондо да идеялаш, рухташ, максатташ эгизи. Экөө Ата журт философиясы менен тамырларынан биригишкен. Айкөл Манас Чоң Казаттан кийин майданда алган жараатынан каза болгондо, Кошой минтип көзүнөн жашын он талап кылып, коңгурап ыйлап турат:
Өзгөнгө бойлоп кондумбу,
Манасым өрт өчкөндөй болдумбу?!
Кантейин, Манас кабылан,
Сенден мурун өлбөдүм,
“Карт Кошойдун ашы!” деп,
Манасым, карыяңды көмбөдүң!
Манасым, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Каңгайдан болсо чоң мүшкүл,
Алакандай журтумду
Мунун акылын таап ким баштайт?!
Долоно саптуу айбалта
Толгондурбай ким саптайт?
Береги толуп жаткан журтунду,
Тозок бир келсе манжуудан
Мунун топ-тобун бузбай ким баштайт?
Карачы, кайран карт Кошой эл тагдырын ойлоп, Кудайга үнү жетип, кандай өңгүрөп, жашын төгүп турат?! Мына ушул күйүттүү ыйдан жана өйдөтө сүйлөнгөндөрдөн улам мындай дейбиз: мынакей, Кошойдун жарандык-атуулдук, патриоттук, улутмандык акыл ойломунун керемет масштабы. Мынакей, абакебиздин ой жүгүртүүсүнүн кенендиги жана тереңдиги, интелектисинин бийиктиги. Мынакей, улуттун көйгөйү менен санааркаган улуу стратегиялык даанышмандык!
Кыскасын айтканда, Манастын, Бакайдын, Кошойдун улуулугу алардын даанышмандыгында. Улуулук жөн гана акылдуулукта эмес. Акылдуулук улуу иштерге багытталса гана даанышмандыкка айланат. Манастын, Бакайдын, Кошойдун кең кулачтуу акыл-эсинин энергиясы ак калпак кыргыздын стратегиялык мүдөө-кызыкчылыктарына, эл-журтту кулчулуктан, күнкорлуктан куткаруунун, өз алдынча көз карандысыз кыргыздын эркин мамлекетин түзүүнүн, калк тагдырынын «айкүрүнөн» турган көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Кыргыз калкын уул-кыздардын көртирликтин алкагынан чыгып, алысты чапчыган ушундай патриоттук-стратегиялык акыл-эси сактап келген.
6. Бабаларындай калк кызыкчылыгын кайтарган, улуттун улуу мүдөөлөрүн аркалаган Исхак Раззаков
Ошондой кийинки замандагы патриот, улутман, мекенчил мурдагылардын атуулдук күжүрмөн салтын, стратегиялык ойломун татыктуу уланткандардын бири Исхак Раззаков болгон. Илгери кийин экинчи жолу СССРдин курамында түзүлгөн кыргыз мамлекттүүлүгүнүн пайдубалын түптөп, дубалдарын тургузган Жусуп Абдрахманов баш болгон патриоттордун ишин андан ары илгерилетип, Исхак Раззаков өзүнүн “чоролор” тобу менен кыргыз элин цивилизациянын жолуна алып чыккан. “И.Раззаков эр жүрөктүүлүгү, ак пейилдүүлүгү, адамгерчилик сапаты боюнча Жусуп Абдрахмановго окшош” деп экс-министр Мукаш Өмүралиев бекер айткан эмес. Исхак Раззаков Кыргыз мамлекетин жетектеген (1945-1961) учурда Ата мекенибиз айыл чарбасы жана өнөр жайы, искусство, маданият, медицина, электрлештирүү, кадр саясаты жагынан, кыскасы, баардык тармактарда болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге ээ болуп, элдин турмушу оңолуп, өлкөбүз, өсүп-өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине көтөрүлгөн. Мындай ийгиликтерге мекенибизди И.Раззаковдун Кыргызстанды мекенчил, адилеттүү, калыс, башкаруусу, көсөмдүгү, акылмандыгы, жетекчи катары таза чынчыл жүрүм-туруму, күн-түн тынбаган күжүрмөндүүлүгү, элим-жерим деп соккон ак жүрөгү жеткизген. “Анын эмгек күнү саатка эле эмес, мүнөткө да бөлүнгөн” деп эскерген Казы Дыйканбаев. Ата журт үчүн жасаган эрдиктерин, ак мээнетин, жетекчилик стилин, адамдык мүнөзүн, инсандык маданиятын, мекенчилдигин бирге иштеген үзөңгүлөштөрү, замандаштары, улуу-кичүү дебей сыймыктануу жана алкоо менен эскеришкен, өз бааларын ыраазы болуп, беришкен. “Кудай астында чынын айтуу керек, баардыгынан чечени да, чукугандай сөз тапкан кеменгери да, кара кылды как жарган калысы да, калайыкты бөлүп-жарбаган чыныгы акылманы да, ак ниети да Исхак Раззаков эле”. (Сопиев Аскар).
“Исхак Раззаков – биздин сыймыгыбыз” (Түгөлбай Сыдыкбеков). “Раззаков кыргыз эли үчүн өлбөс-өчпөс түбөлүктүү эмгек калтырды, “элдин уулу” деген түбөлүктүү атка конду”. (Давлеткелдиев Абдыкул). “Бул инсан биздин тарыхка алтын тамгалар менен жазылуу керек” (Каримова Бөпө). Кыргыз баурларым, силер бактылуу эл экенсиңер, көсөмүңөр бар. Исхак Раззаковдун баркына жете билсеңер болду” (Мухтар Ауэзов). “Исхак Раззаков – улуттун улуу инсаны” (Жолборс Жоробеков).
Исхак Раззаковдун улуттун бүгүнкүсү жана эртеңки келечеги, кыргыз тили үчүн күйүп-жанган патриоттук ишмердигинин “моторун” ичтен айлантып турган күч, мотив – бул анын кыргыз элине Ата журтуна болгон чексиз сүйүүсү болгон. Буга анын “Кагылайын тууган жер, бармактайымдан жетим калып, башка эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры энемди тапкандай, өзүңдү таап келдим эле. Ата журтум – алтын бешигим! Мен үчүн дүйнөдөгү эң сулуу, эң сүйүктүү жер – киндик каным тамган жер. Биздин жер чындыгында эле бейиш. Элибиздин тилегин орундатсак, уруштан бүлүнгөн чарбаны оңдосок, элдин турмушун жакшыртсак, чачылганды чогултсак, мекендин бактысы – өмүрдөн кымбат, жакшы эр эли менен, жер кени менен» деген толкунданган, жүрөгүнүн толтосунан чыккан сөздөрү күбө. “Ал ушундай ички ишениминен улам кыргыз десе түн уйкусунан кечип кетчү киши эле” (Насирдин Байтемиров). Мекенчилдиктин булагы – бул мекенге болгон ашып-ташкан сүйүү. Ошондой улуу сүйүүсү болгону үчүн Манас ата “калкым кыргыз сен үчүн жанымды курман кылайын” деген эмеспи. Бир сөз менен айтканда, Исхак Раззаковдун жандүйнөсүндө айкөл Манастын ушундай мекенчил руху уланган. Ошон үчүн И.Раззаков кыргыз дегенде ичкен ашын жерге коюп, элинин бактысы үчүн Манас атасынча каруусун казык, башын токмок кылып күрөшкөн.
Каарманыбызды мисалы көрсөтүп турат. Эгерде кишидеги мекенчилдик сапат Раззаковдогудай адамгерчилик, калыстык, адилеттүүлүк, эмгекчилдик, даанышмандык касиеттер менен айкалышса, адам огобетер көркүнө чыгат экен.
7. Бүгүнкү Кыргызстандын калк башчыларынын стратегиялык акыл-эси-элибиздин улут катары сакталышынын өбөлгөсү
Эгемендүү биздин өлкөбүздүн бүгүнкү бийлигинин эл-журтубуздун, ак калпак кыргыздын глобалдашуунун шарттарындагы тагдыры жөнүндө Манасча, Курманжан даткача, Айтматовчо, Бакайча, Кошойчо, Исхак Раззаковчо ойлонуусу, акыл калчашы зарылдын зарылы. Калк башчыларыбыз турмуштун терең катмарларында жүрүп жаткан процесстерди жана тенденцияларды жер тыңшар маамыттай тыңшап, жыйынтыктарды чыгарып турушу шарт. Мекенибиздин чоо-жайына дүйнөлүк контексттен кароо абзел. Глобалдашуунун кырдаалында “кыргыз дүйнөлүк күчтүү цивилизациялардын жана глобалдык киттердин алкымына жутулуп кетпейби?” деген санаа бүгүнкү бийликтин көкүрөк-көөдөнүн өйүп турбаса болбойт.
Мындай ой-санаа жалаң эле башчылардын башында эмес, ар бир жарандын көңүлүндө туруш керек. Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгы элибизде үмүт отун жандырды. Айрыкча президенттин республикалык экинчи курултайда сүйлөгөн сөзү жана кайрылуусу улутубуздун бүгүнкүсү жана эртеңкиси тууралуу стратегиялык маани-маңызга карк болду. Кыргыздын стратегиялык акыл-эси – элибиздин улут катары сакталышынын гаранты. Бабаларыбыздын арканды узун таштап, Ата журттун алыскы-жакынкы мүдөө-кызыкчылыктарын сак-сактап кайтарган мекенчил даанышмандыгы бүгүн Ала-Тоодо ойгонуп, аракетке келүүдө.