Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гезит базарды талкалаган мэр Жунушалиев дөдөйбү?

Гезит базарды талкалаган мэр Жунушалиев дөдөйбү?

25-май, 12:00
465 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыров арзыбаган шылтоолорду айтып, Бишкек шаарындагы көптөгөн гезит саткан киоскилерди алдырып, басма сөзгө кыянаттык жасаган. Шылтоосу да күлкү келерлик эле. “Шаардын көркүн бузуп атат” деген сандырак кеп. Өнүккөн Батыш, Чыгыш өлкөлөрүндө гезит саткан киоскилер ар бир кварталда, аялдамаларда, дээрлик эл көп жерлерде жайгашкан. Бул маданият, өсүүнүн булагы... Аныгында, Эмилбек Абдыкадыров “суктукка” алдырып, курулай шылтоо менен чөнтөгүн кампайтып кетти беле?

Ал эми кийинки келген мэр Айбек Жунушалиев алаңгазар жүрүшүнө салып, улам бир туура эмес иштерди жасап, коомчулуктун кыжырына тийип келет. “Ататүрк” паркта жайгашкан үйлөрдү 20-майда бузмакчы болуп, бирок жашоочулар жаалдана чыкканда духу түшүп калды. Сүрдүрүү иши белгисиз мөөнөткө жылды. Мына, ашмалтайы чыккан жоругу. 

Ириде мэр шаарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, элге жагымдуу шарт түзүп берүү менен алектениши керек эле. Тилекке каршы, Айбек Жунушалиевдин “караңгыдан көз тапкан” билгичтиги, заманбап жетекчилик сапаттары жок экен. Тек гана бүтүндү бүлдүрүү, талкалоого ашыкканы кандай? Мисалы, “Вечерний Бишкектин” жанында жайгашкан гезит базары бар эле. Бул жерден шаарга, аймактарга гезиттер тарайт. Өткөн жумада мэриянын буйругу менен талкалап салышты. Алакандай жерге Жунушалиев көзүн кызартып, кайсы бир лөктөрдүн чөнтөгүн толтурууга кызыкдарбы? Тескерисинче, басма сөзгө колдоо кылып, ошол гезит базарды оңдоп-түзөп, сатуучуларга шарт түзүп берип койгондо, алысты көрө алган жетекчи катары бааланмак. Жылас алгырдыкы! Жакшылык иш жасабай, кедеринен кеткени ушулбу? Баягы эле алып-жулмай, кимдир бирөө байымай,  сатмай саясат беле? Түбүң түшкүрдүкү...

Натыйжада, мурдагы мэр Абдыкадыров шаардагы киоскилерди алдырып салса, азыркы Жунушалиев гезит базарды талкалап таштады. Ушунчалык да дөдөйлүк болобу? Алыскы Лондон, Париж, Берлин, Вашингтон, Токио, Сеул, Пекин ж.б. өнүккөн борбор шаарларда гезиттин чыгуусуна, сатылышына эң жогорку деңгээлде шарттар түзүлүп, көздү ачат да! Дүйнөнүн кайсы гана булуң-бурчун алба, өсүп, гүлдөп аткан өлөкөлөрдө гезиттин аброю жогору. Алар бизге караганда санариптешүүгө, жогорку технологияларга эчак өткөн. Бирок басма сөздү жеришкен жок, мамлекет тарабынан колдоо жасалып келет. Гезиттин аброю, орду жогорку деңгээлде. А биз кыянаттык жасап, талкалап, кургуйга кетип баратабыз. Арка-моюнду абайласак...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер