Азамат Токтакунов: “Өз өлкөсүн сүйгөн жаратмандар менен “Чөйрө” долбоорун негиздедик”


Люцерн шаарында эки күндүк “Чөйрө–2022” форуму өтүүдө. Ага Германия, Швейцария, Австрия, Чехия, АКШ жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап, иштеген ондогон кыргызстандыктар, IT адистери, кыргыз диаспораларынын лидерлери, ишкерлер катышууда. Ошондой эле форумга Кыргызстандан журналисттер жана жарандык активисттер барган.
“Чөйрө” форуму “Санариптик кылымдын чакырыктары – Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк” деген аталыш менен өтүп жатат.
-- “Чөйрө” форумун өткөрүүгө эмне түрткү болду?
-- Эң негизгисин алганда – биздин мекенибизде болуп жаткан оорчулук, экономикалык жана экологиялык абалдар себепкер. Өзүбүз кыргызстандык, IT тармагынын адиси болгондуктан, “кантип бирге иштесек болот? Канткенде көйгөйлөрдү чогуу жеңебиз?” ушундай ойлор менен чогулуп иш баштадык. Оболу тил маселеси ойлондурду. Кыргыз тилинде контент жок. Ошону жаратуу үчүн да иштеп, кыргыз тилдүү подкасттарды жаздырып, кыргыз тилдүү сайттарды жасап баштадык.
Пандемия учурунда чет өлкөгө кеткен мекендештерге онлайн консультация, Баткен окуясында психологиялык жардам берүү иштери болуп турду. Ошонун негизинде жаратмандар пайда болуп, “Чөйрө” долбоорун негиздедик.
-- Кайсы өлкөлөрдөн мекендештер келди? Бул форумдун жыйынтыгы силер күткөндөй болчудайбы?
-- Биринчиден, дүйнө жүзүндөгү кыргызстандыктарды чогултуу максатында “Мекендештер” форумун өткөрөлү деп жатканбыз. Анан тилекке каршы, болбой калды. Эми “Чөйрө” деп өткөрүп жатабыз. Визалык, коронавирус маселелери боюнча көп адамдар келе албай калышты. Ошондой болсо да Чехиядан, Франциядан, Германиядан, Италиядан, Түркиядан мекендештер келишти. “Аз болсо да саз болуп”, барктуу, салмактуу адамдар келди. “Медиа жактан жардам беребиз, чогуу иштешебиз. Келгиле, жаңы долбоорлорду жасайлы” деп “Чөйрөнүн” идеясын түшүнүп, сунуштар түшүп баштады. Ошол сунуштарды карап, бир чөйрөгө кошуп, биргеликте чоң долбоорлорду жаратабыз деген ишеничтебиз.
Аты айтып тургандай эле ар бир адамдын өзүнүн чөйрөсү бар. Бизде IT формада ар кандай адамдар чогулуп, биргеликте иштешет. Ал жакта “мага жардам бер” деп айтпайт. “Мен кандай жардам бере алам?” деп иштешүүнүн жолун издейбиз.
Бирөө дизайнер, экинчиси программист, башкасы мугалим болуп чыгышы мүмкүн. Баарыбыз биригип, ошол жаратман адамдар топторго бөлүнүп иштеп башташат. Чет жакта жашап жүргөн мекендештер Кыргызстандагы жарандар менен тажрыйба бөлүшөт. Ошентип баарыбыз бир чөйрөгө биригип, билимибизди өнүктүрүп, башкалардын өнүгүшүнө жардам берүү максатында атайын ушундай жаратмандар коому түзүлдү.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











