Аскар Жумагулов: “Президенттин Чүй элине кылган сый мамилеси жүрөк жылытат”


-- Аскар ага, Садыр Жапаров жаңыдан президент болуп шайланганда кабылдамасында болдуңуз эле...
-- Садыр Нургожоевич бир жарым жыл мурун мени кабыл алып, “мен сизди жашы тааныйм, көрүп, угуп да жүрөм. Чүйдүн аксакалысыз. Аскар аба, эмне маселе менен келдиңиз?” деп аябай сылык мамиледе экөөбүз жарым сааттан ашык баарлашканбыз. Ошондо “урматтуу президент, мен сизден эч нерсе сурабайм. Менде баары жетиштүү. Бир гана маселе, Чүйдөн чыккан кыргыздын чыгаан уулу Ахматбек Сүйүнбаев Улуу Ата мекендик согушта маршал Рокосовский менен Рейхстагды, андан кийин Берлинди алган. Ушу кишиге “Кыргыз Эл Баатыры” деген наам бериле элек” дегенимде, “Жусуп Абдрахмановго ушундай наам берейин деп аткам. Анда Ахматбек Сүйүнбаевди да кошуп коёюн” деп, ошол жерден эле 1-маселемди чечип берген. “2-маеселем: Байтик айылында эмдигиче таза суу жок. 3-маселем: ошол эле айылда Ахматбек Сүйүнбаев атындагы көчөгө ушу кезге чейин асфальт төшөлгөн эмес, жаан жааса эле баткак, ылайды кечип эл кыйналып атат” деп сурангам.
-- Бул өтүнүчүңүздүн канчасы аткарылды?
-- Мындан эки жума мурун менин наамыма Госстройдун орун басарынан “сиздин президентке кайрылган катыңыз боюнча 2023-жылы Байтик айылына мамлекеттик бюджеттин эсебинен эки суу скважинасын тургузуп бере турган болдук” деген кепилдик каты келди. Ал эми өткөн жумада транспорт министринин орун басарынан “сиздин президентке кайрылган сурооңуз боюнча эмдиги жылы Сүйүнбаев көчөсү жана мектеп турган көчөнүн эки жарым чакырымдай жерин мамлекеттик казынанын эсебинен капиталдык оңдоо иштерине киргизип атабыз” деген каты келди.
Кудай буюрса, эмдиги жылы Байтик айылына суу чыгып, көчөгө асфальт да төшөлгөнү калды. Президенттин Чүй элине, анын ичинде Байтик айылына кылган сый мамилеси, эл үчүн көргөн камкордугу үчүн жеке өзүмдүн атымдан өтө терең ыраазычылык билдирем! Жүрөк жылытат...
-- Болдубу?
-- Дагы айта турган жагдай, президент акыркы эки жылда Чүй облусуна, анын элине абдан көңүл буруп атканы жүрөк жылытат. Анткени, Чүйдөн чыккан кыргыздын чыгаан уулдары Султан Ибраимов, Ахматбек Сүйүнбаев “Кыргыз Эл Баатыры” деген наамын алды. Быйыл болсо Байтик баатырдын 200 жылдыгын болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлде өткөрүп берди. Мындан сырткары, мамлекеттин жогорку даражадагы сыйлыктарын тапшырууда “Кыргыз Эл Баатыры” наамын алган беш адамдын ичинен үчөө Чүйдөн: Арстанбек Дүйшеев, Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов. Жогорку баасына таазим жана рахмат!
-- Аскар ага, жогоруда президенттин жеке өзүнө кайрылуу кылдыңыз, ыраазычылыгыңызды билдирдиңиз. А жалпы кыргыз элинечи?
-- Акыркы кезде ызы-чуу болуп, “эл көтөрүлөт”, “тиги-бу жаман” дешип, митинг, пикетке чыгып аткандар да жок эмес. Аксакал киши катары жалпы кыргыз элиме, ини-карындаштарыма, уул-кыздарыма айтарым, ынтымактуу бололу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, мамлекет башчыларынын жасап аткан ырааттуу иштерине колкабыш кылып, колуна кол, бутуна бут болуп берели. Дагы 3-4 жыл аягына чейин иштешсин. Жаңы эле баштабадыбы. Менимче, акыркы 30 жылда болуп көрбөгөндөй жакшы иштер, өзгөрүүлөр улана берет. Аны баарыңар билесиңер, буларды эмне үчүн айтпайбыз? Ошондуктан митинг, пикетти токтотолу!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











