Убагында Садыр Жапаровдун балдарын Канатбек Исаев камактан бошоткон
Коомчулук билбеген бир маалымат бар. Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго каршы чыккан Канатбек Исаевдин күрөшүнө баарыбыз күбөбүз. Экөө элдешкис душмандардай образ жаратышты. Бирок, көшөгөнүн артында башка кепти кантип жашырабыз? Эсиңерде болсо, Садыр Жапаров чет өлкөдөн Бишкекке кайтып, камалганда кыйла калайман түшкөн эле. Ошол окуялардан кийин Канатбек Исаев акыйкатсыздык үчүн баш оорутуп, Садыр Жапаровдун балдарын эркиндикке чыгарууга жан үрөп, максатына жеткени ырас. Алар негизсиз эле камалышканы маалым, бирок ошол кезде кол сунуу, жардам берүүгө башкалар жарашкан эмес да. Дал ушул бүгүнкү оппоненти сот менен сүйлөшүп, ажаат ачканын көпчүлүк биле бербейт. Бул факт. Сыягы, президент Садыр Жапаров ушул жагын ойлоп, Канатбек Исаевге куугунтук кылбай атабы? Мындай адамды дос кылыш керек го?.. Экөө тең Атамбаевдин учурунда ырайымсыз кордукту көрүшүп, камалышып, акыры чындыкка жетишти да...
"Азия Ньюс" гезити