Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызстан саясый, укуктук, экономикалык жана социалдык башаламандыктын кучагында калды”

“Кыргызстан саясый, укуктук, экономикалык жана социалдык башаламандыктын кучагында калды”

20-июнь, 10:08
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы өкмөт башчы келди. Келе элек жатып сынга кабылды. Кубатбек Бороновдун ишмердигине кыргыз элине белгилүү эксперт, коомдук ишмерлер, журналисттер баа беришти.  

Жаз Айым Айдекова, медиа-эксперт:

-- Мамлекетибиз “өгүз өлбө, араба сынба” деген абалда турганда Кубатбек Бороновдун өкмөт башчы болуп келгени эч кимди деле кубанткан жок. Соцтүйүндөгү элдин пикирин эске алып, жыйынтык чыгарсак, бир да адамдын кол чаап кубанганын көргөн-уккан жокпуз. “Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” дегендей эле Мухамметкалый Абылгазиев кетти, Кубатбек Боронов келди. Эгер бу кишинин келерин билгенимде “Абылгазиев кетсин!” демек эмесмин. Эми Боронов эмне иш кылат? Буга чейин бул адамдын көзгө толумду ишин көргөн эмеспиз. “Эт менен челдин” ортосунда жүргөн адам эмнени кыйратат? Бул кишиге ишенүү да кыйын. Өкмөт башчылыкка тажрыйбасы аз экенин билип туруп, ЖК эмнеге колдоду? Бул жерде бир мандем бар окшоп калды... Айтор, баарынан эл тажап, чарчап, жүрөгү айланып турган убак. Бул бийлик түп-тамыры менен жоголуп, жаңы жүздөр келбесе, абалыбыз ушул боюнча кала берет. Ал эми Алмазбек Батырбековдун вице-премьер болуп келгенине сөз жок. Коомчулук үчүн күтүүсүз эле болуп калды. Негизи Кыргызстанда саясый оюнду мыкты өздөштүрүп келатабыз. Менимче, бул дагы саясый оюн болуп атат. Анүстүнө парламенттик шайлоо жакындап калды. Бирдин ичинен чыгат окшойбуз... 

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

-- Өлкөдө абдан чоң каатчылык болуп атат. Аны көрүп-билип турабыз. Кайсы жагын албайлы, экономикалык кризис болобу, эпидемия апааты болобу, баардык жагы ойдогудай эмес. КОВИД-19 пандемиясы башталгандан бери бир нерсени моюнга алып, айтып коюшубуз керек, өлкөдө күч органдары өзүнүн үстөмдүк жагын көрсөтүүдө. Баарыбыз билгендей, Кубатбек Боронов да күч органынын, канатташ сферанын адамы болуп, ошол жакты пандемия учурунда көзөмөлгө алып турду. Эми ушу кишини өкмөт башчыга алып келишти. Өлкөдөгү каатчылыкты күч органынын адамы жөндөй алабы? Жакшы жолго сала алабы? Абдан күмөнүм бар. Эмне үчүн Боронов? Эмне үчүн экономика адиси Асырандиев эмес? Өлкөнүн мойнундагы миллиарддаган карыздарды түшүнгөн адам келиши керек болчу. Тилекке каршы, менин оюмча, бу киши андайды жөндөп кете алабы – чоң күмөн жаратууда. Кубатбек Бороновдун ордуна Алмазбек Батырбековдун шайланганы түшүнүксүз. Кезектеги катачылыктын бирөө болсо керек. Бир аз иштесин, азырынча “ак” же “көк” деш кыйын.

Кадыр Кошалиев, “Кыргыз жолу” коомдук бирикменин төрагасы:

-- Кубатбек Боронов бир кезде колунан иш келбей, отставкага кеткен өкмөттөгү экинчи адам эмес беле?! Анан такыр эле адам түгөнүп калгансып, элдик ишенимден кеткендердин арасынан талапкер тандалганы жакшы болбой, бул жагы түшүнүксүз болуп калды. Өкмөт башчы кызматына башка эле татыктуу адамдардын арасынан карашса болмок. Эмне, такыр эле уучубуз куружалакпы? Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаевдин, соцминистр Улукбек Кочкоровдун аттары аталып жатты эле дегеним... Жогорудагы эки жигиттин бирөөсүн тандасак, бирдеме чыкмак. Алар учурда иштеп атышат. Анан калса бел чечпей иштей турган өтө жооптуу учурда жашап жатабыз. Дагы да айтам, Кубатбек Бороновдун өкмөт башчы болуп келгенине ичим чыккан жок. Ал эми анын ордун ээлей турган Алмазбек Батырбеков жөнүндө азырынча айтпай турайын. 

Канышай Мамыркулова, журналист:

-- Элдин үмүтүн "суу сепкендей" кылган саясат канчага созулушу керек? Кыргызстан саясый, укуктук, экономикалык жана социалдык башаламандыктын толук кучагында калды. Кубатбек Бороновдун буга чейин сындан башы чыккан эмес. Алмазбек Баатырбековдун эл өкүлү катары "жарк" эткен эмгеги элдин эсинде жок. Атүгүл 6-чакырылыш толугу менен "айылдан кодуланган аял" кейиптенип турат. Мындай башаламан кадрдык саясаттын жыйынтыгы, жоопкерчилиги жок болот. Тилекке каршы, 30 жылдан бери өлкө ушундай.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер