Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Паспорттор, машиналардын номурлары эртең эле өзгөрүп кетпесе керек”

Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Паспорттор, машиналардын номурлары эртең эле өзгөрүп кетпесе керек”

24-декабрь, 20:56
577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айбек мырза, бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алды. Улуттук туубуздун өзгөрүшү бюджетке, карапайым жарандардын чөнтөгүнө материалдык жактан канчалык чыгым алып келиши мүмкүн?

-- Менин билишимче, бир эле учурда баары өзгөрбөйт. Өкмөттөгү, биздин Жогорку Кеңештеги, аянтта илинген тууларыбыз өзгөрөт. Аларга кандайдыр бир акча каражаты кетет. Канча кетерин мен билбейм, аны экономисттер эсептеп чыгарат да. Ал эми паспорттор, машиналардын номурлары эртең эле өзгөрүп кетпесе керек. Бирок, келечекте өзгөрөт. Себеби, машина алынып, сатылып тура турган нерсе. Паспорт деле сөзсүз беш жылда алмашпайт да. Кээ бирөөлөр жоготуп ийсе, дагы бирөөлөр сууга агызып ийет. Ошондой учурларда жаңы паспорттор бериле берет. 

-- Эң башкысы, чет жактарга чыккан биздин жарандарга ыңгайсыздык жаралбайбы?

-- Биздин баардык мамлекеттер менен мамилебиз бар. Бүгүн туу өзгөрүп, президетибиз кол койдубу, биз мамиледе болгон өлкөлөрдүн баарына билдирүүлөр кетет. Билдирүү кеткенден кийин көйгөй жаралбайт. Себеби, чек ара өткөөлдөрүнүн баарында биздин жөнөткөн кагазыбыз турат да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер