“Күйөөм кайтып келеби?” деген үмүт менен жашап жүрөм...

Москва шаарында күйөөмдүн өзүнүн чакан бизнеси бар, ошон үчүн тоюбузду өткөргөндөн кийин ал Москвага кете берди. Мен болсо көп убакыттан кийин артынан бардым. Барсам мурунку мүнөздөгү жолдошум жок, өзгөрүп калыптыр. Көрсө, өзүнөн бир топ жаш улуу аялга нике окутуп, жашап жүрүшүптүр. Угуп алып, өзүмдү эч кимге керексиздей сезип, бушайман абалда калдым. Арга жок, “кимден кеңеш сурасам?” деп башым катып, же жолдошума үн көтөрүп сүйлөй албай, тилимди тишиме каттым. Ошентип Москвада көпкө калбай, үч ай дегенде сумкамды көтөрүп, Кыргызстанга баса бердим. Азыр кайната-кайненеме келип кызмат кылып жатам. Беш айдан өтүп калды, кош бойлуу да экенмин. Бул кабар бирде кубантса, бирде кайгыга батырат. “Төрөсөм баламдын атасы келеби, же кандай болот?” деп да өзүмдү жейм. “Сүйөм, күйөм” деген Азамат жылуу сөз эмес, бир ирет чалып кабар алганга жараган жок. Өз ата-энеме айтпаганым жакшы го. Себеби, “кайра кайтып келер” деген үмүт менен жашап жатам. Бирок Азаматтын ата-энеси билет. Алар “ойлонбо кызым, сөзсүз келет, азыр жаштык кылып жатат, сен азыр курсактагы балаңды ойло” деп мени соротушууда. Айлам кетти, менде деги кандай жол бар? Чынында Азаматты жакшы көрөм, кантсе да ичимдеги баламдын атасы да. Мага кайтып келеби, же кандай болот? Төркүнүмө айтсамбы?..
Айпери
"Азия Ньюс" гезити