Акыркы кабарлар
» Коом » Жамгыр 80ден ашык кишинин өмүрүн алып кетти
Жамгыр 80ден ашык кишинин өмүрүн алып кетти
30-май, 12:03

Бразилияда нөшөрлөгөн жамгырдан 80ден ашык адам каза таап, элүүгө чукулунун тагдыры белгисиз болуп жатат. Бул туурасында РИА Новости G1 маалымат порталына шилтеме кылып кабарлады.
"Пернамбуку штатындагы (Бразилиянын чыгыш аймагы — ред.) нөшөрдүн кесепетинен көз жумгандардын саны 84 кишиден ашты" деп айтылган маалыматта. Андан сырткары, 50гө чукул адамдын белгисиз болуп жатканын кошумчалашкан. "Жергиликтүү бийлик жабырлангандарга жардам көрсөтүүгө убада берди" деп билдирген G1.