Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » К.Токаев экс-президент Назарбаевдин аманатын С.Жээнбековго жеткирди

К.Токаев экс-президент Назарбаевдин аманатын С.Жээнбековго жеткирди

28-ноябрь, 12:23
572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн иш сапар менен Кыргызстанга келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин аманатын президент Сооронбай Жээнбековго жеткирди.

Казакстандын президенти К.Токаев бул аманатты эки тараптуу кеңири жыйында билдирди. Анда ал Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинин жакшы жолго салынышына, эки мамлекеттин достугунун бекемделишине Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң экенин баса белгилеп, Сооронбай Жээнбековго жолдогон саламын айтты.

Токаев: Ал сизге өзүнүн ысык саламын айтты, аны мен сизге жеткирдим. 2017-жылы Назирбаев жана сиз кыргыз-казак чек арасын толук тактадыңыздар. Бул дүйнө коомчулугуна коңшулук мамиленин эң жакшы жетишкендиги экенин көрсөтө алды“, — деди.

Алдыда бир нече документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн алты мамлекеттин башчылары чогулуп, ЖККУ саммити башталып, сүйлөшүүдө. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер