Акыркы кабарлар
» Коом » ИИМ тартип бузгандарды сабатып, талкалатуу үчүн аскерлерди даярдап турат
ИИМ тартип бузгандарды сабатып, талкалатуу үчүн аскерлерди даярдап турат
02-март, 13:42
2 126 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун боштондугу үчүн митинг өтүүдө. Болжол менен 3 миңдей эл чогулган. Буга чейин “гей-парадга” каршы чыккандарды топтон сүрүп чыгышкан эле. Келген эл мыйзам чегинде сүйлөгөндөргө кулак түрүшүүдө. Ал эми бизге жеткен маалымат боюнча, ИИМ митингге катуу даярдык көргөнү, машыкканы, тартип бузгандарды сабатып, талкалоо үчүн аскерлерди “айдактаганы” турат. Ылайым эле эч ким мыйзам бузбай, тынчтык болуп, министр Кашкар Жунушалиевдин тилеги ташкапса экен!
Aryba.kg