Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Диний радикализм мамлекетке кооптуу жагдай жарата баштады”

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Диний радикализм мамлекетке кооптуу жагдай жарата баштады”

17-май, 22:21
2 643 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур Капарович, акыркы мезгилде соцтармактарда диний радикализмге үндөгөн ар кандай чакырыктар күч ала баштады. Тийиштүү органдар эмнеге реакция кылышпайт, же алар мамлекет үчүн кооптуу жагдай жаратпайбы? 

-- Дүйнө жүзүндө терроризм, экстремизм күчөп, өзгөчө диний радикалдашкан уюмдар, экстремисттик топтор ири державаларга да таасирин тийгизүүдө. Тагыраагы, чоң державалар дагы бул агымдардан сактана албай калышты. Кыргызстанга дагы диний радикализмдин күчөшүнө дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар өз үлүшүн кошуп жатат. Маселен, акыркы убактагы жакынкы чыгыштагы Израиль менен Газадагы болуп жаткан согуш дагы диний радикализмдин өсүшүнө өбөлгө түзүүдө. 

-- Кооптуу жагдайды жараткан диний радикалдар Кыргызстанга качан кирди эле?

-- 1990-жылдардын ортосунан Кыргызстандын дарбазасы ачылып, диний уюмдар, топтор мамлекетибизге түрдүү жолдор менен агылышкан. Айрым уюмдардын идеологиясы жайылып кетсе, кээ бири эч кимди ээрчите алган эмес. Эң кейиштүүсү, диний радикализм, экстремизмге окшогон топтордун уюштуруучулары биздин көптөгөн улан-кыздарды азгырып, өз максаттарына жетүү үчүн жакынкы чыгыштагы Иордания, Египет, Сирия, Сауд Арабиясы, Йемен, Пакистан, Бангладешке окшогон өлкөлөргө абдан көп тартышкан. Алардын таасиринде өсүп чыккан жаштардын көбү радикалдык, экстремисттик идеяларга ууланып калышкан эле. Эми ошолор бүгүнкү күндө кооптуу жагдай жарата баштады. Эң кейиштүүсү, түрдүү диний уюмдарга азгырылган миңдеген жаштар 2014-2015-жылдары Сирияга Түркия аркылуу өтүшүп, согушка катышышты. Өздөрү согуштан өлүшүп, аялдары колдон колго өтүшүп, жыйынтыгында Сириядагы “Ал-Хол” деген качкындардын лагеринде калышты. Алардын жакындары, өздөрү суранып атышып, былтыр, мурдагы жылы Кыргызстанга балдары менен кошо алынып келинген. Кыскасы, Кыргызстанда дагы диний радикализмдин, терроризмдин азабын тарткандар бар. Бирок, ошол эле маалда арабызда аларга жан тартышып, ар бир аракеттерин Кудай үчүн жасап жаткандай сезгендер да көп. Алар сакалга, никабга, дааватка тыюу салынып атканда, диний өзгөрүштөргө багыт алган мыйзамдар чыкканда ачык эле каршылык көрсөтүштү. Кыскасы, билинип-билинбеген жолдор аркылуу билдирүүлөрдү соцтармакта жайнатышты. Негизи, аталган маселе боюнча укук коргоо органдары күрөштү аёосуз жүргүзүшү зарыл. Себеби, булар мамлекет үчүн кооптуу жагдай жарата башташты... 

-- Алардын өсүп-өнбөшүнө жол бербеш үчүн эмне кылышыбыз керек?

-- Ал үчүн укук коргоо органдарына коомчулук дагы жардам көрсөтүшү керек. Эң негизгиси, мектеп жашындагыларга, студенттерге жана туура эмес багытка бараткан адамдарга чейин диний радикализм, экстремизм тууралуу туура түшүнүк беришибиз керек. Тагыраагы, жөнөкөй ислам динин туткан адамдарга ал уюмдардын айырмасын көрсөтүп, туура жолго сала турган иш-чараларды уюштуруу парз.

-Ага кимдер колкабыш кылыш керек?

-Муфтият жана дин иштери боюнча комиссия дагы өздөрүнүн чоң салымдарын кошуп, экстремизм менен радикализмге каршы туруп, адашкандардын көзүн ачып, ак-караны тааныта турган концепция иштеп чыгышы керек. Жергиликтүү органдар укук коргоо органдарына жардам берип, профилактикалык аракеттерди жүргүзүүгө салым кошушу шарт. Ошондой эле укук коргоо органдары социалдык тармактардагы радикалдуу идеяларды таркатып, чакырыктарды жасагандарды жөн гана угуп, анализдеп турбастан, чагымчылык кылып, кооптуу жагдай жаратууну көздөгөндөрдү кармап, профилактикалык иштерди жүргүзүшү зарыл. Же болбосо мыйзамдардын негизинде кармап, аларга иш козгоп, тийиштүү жазасын бериши керек.

Мындай маселеге өзгөчө мамлекеттик массалык маалымат каражаттары дагы атайын берүүлөрдү, талкууларды уюштуруп, радиодон, теледен, гезиттен жана сайттардан байма-бай берип, элге туура жана так маалымат жеткирип, адашкандарды туура жолго салууга колкабыш кылышы парз. Эгерде ошонун баары комплекстүү түрдө жүрүп, коомчулук, жергиликтүү бийлик, баары бир тараптуу иш алып барса, радикалдуу диний экстремизмге же болбосо радикалдашкан чакырууларга чоң сокку болот. Биз бул нерсе менен мамлекетке коркунуч жараткан диний радикалдык, экстремисттик чакырыктарды эле тыйбай, көмүскө уктап жаткан ячейкалардын да жок болушуна шарт түзөбүз. Аларга азыртан каршы турбасак, радикалдык чакырыктар келечекте локалдуу конфликттерге алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн баарыбыз жапатырмак салым кошуп, диний радикализм менен экстремизмге каршы турушубуз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер