Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Абдрахматов менен Чолпонкул Арабаев УИАнын түбүнө жеткени калды

Канат Абдрахматов менен Чолпонкул Арабаев УИАнын түбүнө жеткени калды

06-февраль, 15:24
889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2021-жылы КР УИАнын академиктерин, корреспондент-мүчөлөрүн шайлоо бир топ ызы-чуу менен өткөн. Башкасын айтпаганда да академиктер М.Мамакеев менен А.Айдаралиев балкондо чоңойгон балдарын, Ш.Жоробекова кызын, Т.Койчиев кызын жана жээнин корреспондент-мүчөлүккө өткөргөнСоодагер баркы менен бөз өтөт, ата баркы менен кыз өтөт” дегендей эле болгон. 

Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоого келгенде 50 академиктин ичинен бычакка сап бири жок, корреспондент-мүчө Канат Абдрахматовду көтөрүштү. Ооба, бул тарыхта болбогон окуя, корреспондент-мүчө академиянын башына келди. Укмуштуунун төөсү жорго деген ушул эмеспи! Анын вице-президенти болуп академик Чолпонкул Арабаев араң шайланган. Ага шайлоодо 40 академик каршы добуш берген. Эми булар кандай иштеп жатат дебейсизби? Бир кезде ачкылдан согуп алып, “ой мороз, мороз деп ырдап, кыргызча чала моңол сүйлөгөн Канат Ермекович элди кабыл албай, кабинетинде компьютер ойнойбу, айтор, виртуалдук дүйнөдөн чыкпайт экен. Кадр, чарба маселелерин Арабаев солоп, баардык жерге өзүнүн кишилерин коюп жаткан кербези. 

Жакында УИАнын бул эки чоңун ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев кабыл алды. Алар мурдатан белгилүү каржылоонун аздыгы жана эскирип, чалдыбары чыккан аспаптар тууралуу айтышканы жөндүү. Бирок ошол жолугушууда Абдрахматов “бизди билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусунан чыгаргыла” деп талап койгону илимий чөйрөдө талкууга айланып отурат. Канат Абдрахматов келгенине 4-5 ай болсо да, УИАнын уставы менен тааныш эмеспи, анын макамын билбейби? Ал жок маселени эмнеге көтөрүп жатат? УИА билим берүү министрлигинин курамына кирбесе, эмнеге анын карамагынан чыгышы керек? Деңгээли ушул болсо, муну менен алыска бара алышпайт го?.. Академиктердин шаалары кетип, көк шилтилери калган УИАда абал оор экени ушундан айкын көрүнүп турат. 

Рентабелдүүлүгү жок илим ордосу тез аранын ичинде реформага муктаж. Илгери Кремлдин “чалдары” жаш, таланттуу, татыктуу кадрларды өстүрбөй, СССРге көр казышкан. Анын сыңарындай, академиянын “чалдары” да протекция менен чоңойткон “балконский” балдар-кыздары менен УИАнын түбүнө жетишеби? Аз калды...

Элдос БАКБЕРГЕНОВ

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер