Нурипа Муканова: “Коррупцияны түп-тамыры менен жоготконго көп жумуштар жасалууда”

КР президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы менен маек.
-- Нурипа айым, коррупция менен күрөшүүдө кандай аракеттер уланганы биз үчүн керектүү маалымат болуп турат...
-- Коррупциянын көп жолдору жана түрлөрү бар. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүп жаткан жаңы ыкмалар жетиштүү. Эл-журт, бүт өлкө көрүп жаткандай, ким уурдаса, коррупционер болсо, аларды кармап, иш козгоп, чара колдонулуп атат. Бирок баарын эле түрмөгө отургуза бергенден деле майнап чыкпайт экен. Алар түрмөдөн чыкканда деле ошол эле коррупцияга кайтпашына кепилдик жок. Муну аң-сезимге байланышкан феномен деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө мыйзамга карабай, аны бузуп байыган бизнесмениби, өкмөт кызматында иштегени болобу, аларды кармап, төлөтүп жатат. Материалдык инфраструктура түзүлбөгөндө, алган маяналар кичине болсо, мамлекеттик муниципалдык органдарда иштеп жаткандар коррупцияга барганга мажбур болушат. Ошон үчүн негизги шарттарды жакшы түзүп, аны жойгонго да чоң аракеттер болууда. Бала бакчага балдарын бере албай, пара бергенге шарт түзүлүп калууда. Ошон үчүн бала бакчалар, мектептер көбөйүп курулууда. Экинчиден, санариптештирүүгө өтүү зарыл. Бала бакчаларга, мектептерге электрондук кезек менен алуу – коррупция менен күрөшүү же алдын алуу жолу болуп эсептелет. Мугалимдердин, дарыгерлердин, соттордун маянасы бир шарт менен көбөйтүлдү: “биз силердин айлыктарыңарды көтөрүп атабыз, уурулукка, пара алууга барбагыла” деген талап болууда. Бара-бара бул кызматтарда коррупция жоюлат. Мындай шартта деле жемкорлукка бара берүү – бул адамдын өзүнүн маданиятына, аң-сезимине байланыштуу болуп калат. Ошондуктан коррупцияны түп-тамыры менен жоготконго көп жумуштар жасалууда.
Эң башкысы, өлкө башчысынын саясый эрки жана эл аралык тажрыйбасы зарыл. Бул башкы көрсөткүч. Экинчиси, көмүскө экономиканы жоготуп, бизнеске шарт түзүп берүү. Бул тууралуу да айтыла турган сөздөр көп.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити