Төлөгөн Келдибаев, серепчи: «Кемпирабадчылардан» башка да соцтармакта сын-пикир айткандар бар»
-- Кыргызстанда “кемпирабадчылардан” башка деле оппозиция калган жок окшойт. Камактагы лидерлердин келечекке карай саясый күрөшүнө кандай баа бересиз?
-- Кыргызстанда “кемпирабадчылардан” башка да оппозициялык көз караштагы саясатчылар, коомдук активисттер жок эмес. Соцтармактар аркылуу сын-пикир айтып эле жүрүшпөйбү. Эл болгондон кийин арасынан бийликти мактаган, сындаган, чагымчылык, кошоматчылык кылган адамдар болуп турат экен.
Камактагы саясатчылар боюнча сот өкүмү чыгат, ага макул болушпай, кайра даттануу берилет. Бир топ убакыт соттошууга туура келет. Азыркы соттук териштирүү биринчи инстанцияда жүрүп жатат. Экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго чейин барат. Буга чейинки 30-жылда камалган саясатчылар кандай жаза алышса, кайра кантип акталышса, буларды да ошондой тагдыр күтөт. Алардын келечеги саясый кадамдарына жараша болот.
"Азия Ньюс" гезити