Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марс Сариев, саясат таануучу: “Тажикстан миномет менен атып, ОДКБга зыян кылды”

Марс Сариев, саясат таануучу: “Тажикстан миномет менен атып, ОДКБга зыян кылды”

28-май, 11:37
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марс мырза, Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия чек ара маселелерин жөнгө салууда Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчулук кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Мындай кадыр-барктуу өлкөнүн ортомчулугу чек ара маселесин чечүүгө канчалык жардам берет деп ойлойсуз?

-- Кыргызстан да, Тажикстан да ОДКБ уюмуна кирет. Кийинки кездерде Тажикстан күчкө салып, ОДКБ боюнча союздашын миномет менен аткылаганы кызык болуп атат. Канча киши окко учту, канчасы жарат алды?.. Мен ойлойм, Россия мурдараак эле эркин көрсөтүп, аракет кылса, жанагындай инцидент эчак токтомок. Тажикстанда Россиянын 261-дивизиясы турат, аякта орустардын аскердик таасири аябай күчтүү. Бирок, Россия эмнегедир ошондой инструментти пайдаланган жок. 

-- Биз билгенден ОДКБнын уставы боюнча бул уюм тыштан коркунуч туулганда гана реакция жасайт. Буга чейин кийлигишпей келгенине балким, ушул нерсе себеп болгондур?

-- Мындай да, бир уюмга мүчө эки өлкө бири-бирин миномет менен атып атса – бул уюм үчүн чоң зыян, анын беделине доо кетирет. 

Алмаз ЖУКЕНОВ

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер