Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алдамчылык аркылуу миллиондорду өөнөшкөн блогерлерди токтотууга мүмкүнбү?

Алдамчылык аркылуу миллиондорду өөнөшкөн блогерлерди токтотууга мүмкүнбү?

17-февраль, 18:50
1 596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Оор дартка чалдыккандарды, же турмуштун каарына кабылгандарды жарнама кылышып, аларга жардам берүүнү бетке кармашып, ортодон миллиондорду өөнөшкөн блогерлердин алдамчылыктары күчөдү го? Бул чөйрөнү тазалоого убакыт келдиби?


ИИМдин басма сөз кызматы:

-- ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери өзүн жардамга муктаж адам катары тааныштырып, жарандарды алдап, өз муктаждыгы үчүн миллиондогон сомдорду чогултуп алган алдамчынын бетин ачып, токтотушту. Алсак, алдамчылыкка шектелген жаш аял республиканын түштүк облустарында иш алып барып жүргөн. Өзүн ооруган адамдын тууганы же ыктыярчы катары көрсөтүп, “катуу ооруп жаткан балдарга жардам көрсөтөм” деп алдап, акча чогулткан. Алар алдоо максаты менен ар кандай схемаларды колдонуп, адамдардын эмоцияларына жана сезимдерине ойношот. Ошентип, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда кайрымдуулукка чакырган жарнамалык билдирүүлөр байкалган. Белгисиз адамдар социалдык тармактардагы билдирүүлөр аркылуу бейтаптарды дарылоого каражат чогултуу үчүн кайрымдуулукка чакырышат. Бул маалыматты текшерүү учурунда айрым адамдар элүү жаштагы бейтапка жардам берүүнү каалагандардан кайрымдуулук чогултуп, акча алып жатканы белгилүү болгон, бирок ал адамдын 2024-жылдын март айында эле кайтыш болгондугу аныкталган. 

Бул мазмундагы шектүү басылмаларды андан ары изилдөө жана талдоо учурунда мобилдик капчыктын номерлери дайыма өзгөрүп турганы байкалат. Ошондой эле бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуу менен алектенген белгисиз адамдар Ысык-Көл облусунун тургунунун үй-бүлөсү мурда даярдап тартылган видеону кайра эле социалдык тармактарда колдонуп жатканы аныкталган. Баланы дарылоого жардам берүү өтүнүчү жазылган бул видео буга чейин жарыяланып, учурда башка белгисиз адамдардын байланыш маалыматтары камтылганы ырас. Ал эми алдамчылар мурда жарыяланган видеоматериалдарды жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланышып, ошондон пайда табуудан тартынышкан эмес. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголгон. 

Кийинчерээк тергөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жаш келиндин өздүгү аныкталган. Жарандарды кайрымдуулук кылууга чакырып, ал оорулуу балдарды дарылоого каражат чогултуп жүргөнү тастыкталат. Анан калса, шектенүүлөрдөн алыс болуу максатында социалдык тармактар аркылуу тапкан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга банк карталарын каттатып ачтырган. Аларга каржылык жардам убада кылып, толук жеке маалыматтарын алып, ишенимине кирип, биометрикалык маалыматтарын алып түшүрүп, кийин алардын атына онлайн банк эсебин ачуу үчүн колдонууга жетишиптир.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө абоненттик номурлар, анын ичинде мобилдик банкинг кызматына катталып колдонгондор текшерилген. Шектүү жаран бул жерде дагы башка адамдарды алдаганы белгилүү болгон. Алынган маалыматтарга караганда, электрондук капчыктар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга катталып, бирок ал жакта өзүнүн телефон номерлери байланган эле. 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында эле электрондук капчыктарга 2 миллион 500 миң сомдон ашык акча түшкөн. Бул акчаны жарандар кайрымдуулук катары оорулуу балдарга беришип, бирок, бул каражаттын баары алдамчынын чөнтөгүндө калганы маалым.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2000-жылы туулган кылмышка шектүү жаран М.М. расмий түрдө эч жерде иштебесе да, баасы 30 миң доллардан ашкан BMW унаасын сатып алган (мындан улам бул каражаттар кайдан келгенин түшүнсө болот).

2025-жылдын 17-январында Ош шаарынын аймагынан кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары «БМВ» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан Ош облусунун райондорунун биринин тургуну кылмышка шектүү М.М. аттуу жаран кармалып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына тапшырылган. Кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2025-жылдын 19-январында Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жүзөгө ашат.

Муктаж болгондорго жардам көрсөтүү керек, бирок документтерге жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө көңүл буруу абзел. Жеке картага которулган каражат адресатка жетпей калышы мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо кажет. Чабуулчуларды кадимки алдамчылык белгилери боюнча билүүгө болот, анын ичинде байланышка чыкпоо, түшүндүрмө берүүнү каалабагандыгы, толук отчеттордун жоктугу, жалпы бүдөмүктүк жана ачык-айкындуулук жок.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кайрымдуулук иштеринде алдамчылыктын басымдуу бөлүгү кайрымдуулук уюмдарынан тышкары жеке коллекциялар чөйрөсүндө болорун белгилешет. Уюмдун ишмердүүлүгү жеке адамдын иш-аракеттеринен айырмаланып, кандайдыр бир жол менен жазылып турат. Андыктан бейтааныш адамдардын жеке карталары же капчыктары алдын ала текшерүүдөн өткөндөн кийин кайрымдуулук жүргүзүлүшү керек. Мындан тышкары, муктаж болгондордун байланыштарынын тизмеси бир нече үй-бүлө мүчөлөрүн камтышы жана бир нече реквизиттерди көрсөтүүсү керек.

Элнура Кулуева, журналист:

-- Коомдогу талкууга алынып келаткан ушундай жагдайлар жок эмес. “Кайрымдуулук иштерди кылып атабыз” деп бирөөнүн көз жашынан, кыйналганынан   ортодон олчойгон пайызын, үстөгүн алып, акча жасаган фактылар көп. Өзгөчө ооруп аткан адамдарга “жардам берип атабыз, чет өлкөгө жиберебиз, операциясына керек, марафон-концерт уюштуруп, андан түшкөн каражаттардын баарын саламаттыгы жабыркаган бейтапка чогултабыз” деген шылтоо менен шылуундук кылгандардын аракеттери ачыкталып атканына күбө болуудабыз.   

Акжол Келгенбаев, жеке ишкер:

-- Менимче, коомчулуктун аң-сезимин жогорулатууга убакыт келди. Эң жөнөкөй болгон көчөдө жаман-жуман кийимдерди кийип, адамдардын боорун оорута турган абалды жаратып, “операцияга” деп кайыр сурагандан баштап, атайын соцтармактарга жарнама кылуу менен ар кандай шылуундук жолдор аркылуу миллиондорду ортодон тапкан блогерлерге чейин ошол чөйрөнү тазалоо керек. Россияда жүргөн кезде милициялар “эмнеге кайырчыларды мечит же чиркөөлөрдүн алдынан чогултуп, алып кетип атышат?” деп өзүмө суроо салар элем. Көрсө, адамдардын сезимине ойноп, шылуунчулуктун мектеби ошондой жерден башталып, андан жогорулап отуруп миллиондорго чейин жетерин билбепмин. Азыр андайларга ишенбей калдым.

Гүлжан Шерипбаев, журналист:

-- Негизи кызык эле калкпыз да. Кечээ дүйнө жүзү жаралгандай жалпак ташка чейин биздики деп чыгабыз. Кайра эле карасаң, кайсы тарапка конокко барып, жылуу сүйлөп койсо ээрчип кетмей адатыбыз пайда болду. Баардык жактан жылчык көрсөк жылып кирип, кошомат кылган менен алдаганды акыркы жылдары ой-да өздөштүрдүк. Кыргызстандын интернет айдыңын ачсаң, Кудайдан жөө качкандын баары акылдуу, блогер, акча тапкыч, боорукер, сексолог, невролог, уролог жана башка, таңгаласың! Сиз айткандай жарнаманын баары карандай калп болуп турса деле, кыргыздар так ошол жарнамага жандүйнөсү менен киришип, кайыр сурагандарга атайын эсеп ачышып, өз кызыкчылыгы үчүн пайдасына иштеп жатышса дагы, бир “кыңк” эткен орган жок го? Өкүнүчтүүсү, туура эмес жарнамалардан, жасалма дарыгерлердин, блогерлердин кесепетинен алды өлүп тынды. Көзөмөлгө алган жан жок. Бул чөйрөнү эбак тазалап, тийиштүү органдар эл алдында бетин ачпаса, өтө чаржайыт болуп жайылып кетти. Аларды таап, жазага тартуу кыйынчылыкка деле турбайт.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер