Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мукан Асаналиев, акын: “Алым Токтомушевдей журналисттер, чыгармачыл адамдар аз”

Мукан Асаналиев, акын: “Алым Токтомушевдей журналисттер, чыгармачыл адамдар аз”

18-январь, 23:39
687 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мукан байке, мен билгенден Алым Токтомушев экөөңүздөр тууган болсоңуздар керек?

-- Экөөбүз жакын тууганбыз. 1960-жылы мен булардын айылына келип калдым. Экөөбүз эки айылда турабыз да. Анткени, биздин айыл мектептен алыс эле. Жөө бара албай, булардын айылындагы интернатта окуп калдым. Алымдын апасы Батыш деген аял эле, аябай кыйын киши болчу. Атабыз Токтомуш 1937-жылы атылып кеткен. Токтомуш, Бегалы, Осмон – үч бир тууган тең атылган. Энебиз жылкы ферма, уй ферма болуп иштеген аябай кыйын киши эле. Алымды канаттууга кактырбай бакты да. “Ата-энеси жок” деп кээде балдар уруп коюшчу. Бирок, биздин апабыздан айылдын баары коркчу. Тикилдетип турар эле тим эле. Ал эмес башкарманы сүйлөтчү эмес. Алтынчы күн болгондо мен айылга бара албай калам. Апабыз “үйгө кел, үйдөн жакшылып тамак ичип ал. Интернаттын тамагы да тамакпы?” дейт. Бешинчи күнү барып жатып калам. Алым экөөбүз бирге жатып, бирге окуп калчубуз. Ошол убакта эле Алымдын ыр китептери болор эле. Эч кимди тийгизчү эмес. Ал арык, кичирээк болчу, мен сабап койчумун. Китебин тартып алсам “аа-а” деп кыйкырып ыйлайт. Энеси чуркап келип, “эмне болду? Эки тууган урушпайт, койгула” дейт. Анан басылып калабыз. Аябай кежир эле. Сөз талашса эч качан өзүнүкүн берчү эмес. Ошол убакта эле ыр жазчу. Бирок, эч кимге окутпай катып жатаар эле. А мен агезде ыр жазчу эмесмин. Бирок, адабий китептерди көп окучумун. Экөөбүз китепканадан китептерди алып келип окучубуз. Кийин окууну деле бүткөн жок да. Өзүнүн турмушу эле анын университети болду. 

-- Жанагы кырсыкка байланыштуубу?

-- Ооба. Буга жалаа жабышкан да. Камактан деле бат эле келди. Ошол бойдон адабиятка киришип кетти. Мен ойлойм, Алым адабиятка келгендеги өзүнүн максатына жетти. Өзүнө өтө катуу талаптарды койчу. Көптөгөн ырларды жазса дагы аз эле чыкты да. Начар ырларын жарыялачу эмес. Кээде тытып салганын да көрдүм. Алымга окшогон жуналисттер, чыгармачыл адамдар аз. Бул эми адабиятка өтө берилген адам эле да. “Батиңке алайын” деп баратып жакшы китеп көрсө, батиңкени таштап коюп, китеп алып кете берчү. Жупуну жашап өттү. Жакшы адам эле. 

-- Сиз кыргыз акындарынын ырларын орусчага, англисчеге которуп жүрбөйсүзбү. Алым байкенин ырларын да которгонго аракет кылып көрдүңүзбү?

-- Которгом. Алымдыкын да, аялы Шербеттикин да. Экиден ырлары китепке кирген. 


 Мамат САБЫРОВ 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер