Дары-дармек коррупциясына каршы күрөшкөн Ташиевге ак бата!
Өзгөчө былтыркы, быйылкы пандемия апаатында элибиз дары-дармектердин азабын кыйла тартышты. Кымбатчылык баштан ашып. Бул жааттан бизнес кылгандар мамлекеттик мекемелер менен биригип алышып, кыйла жыргашып, байып жатып калышкан. Карапайым калктын муң-зары кантип уктатсын?
Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дары ташуу, сатуудагы компаниялардын коррупциялык былыктарын ачыктап, чекесинен кармай баштаганын жар салган. Фарм-мафиясына колкабыш кылган жогорку жетекчилер, уюшкан афёралык топтордун тамыры тереңге батканы белгилүү. Андыктан, Камчыбек Ташиев бул багыттагы ишин илгерилетип, дары-дармек бизнесине байланышкан коррупциянын тамырын биротоло кыркып салууга күчү келсе, кадыры көтөрүлөт. Калың катмардын, өзгөчө кары-картаңдардын ак батасын алары да шексиз.
"Азия Ньюс" гезити