Биз ынтымакта болсок, сырткы күчтөрдүн өктөм саясаты өтпөйт

2010-жылдын 7-апрелине чейин Россиянын ЖМКлары, саясат талдоочулары Бакиев бийлигине чабуул жасашып, көп былыктарды ачыктоо менен эл аралык чөйрөгө жарыялашкан. Күрөш катуу жүргөнү эсибизде. Натыйжада, Кыргызстандагы кырдаал төңкөрүш менен аяктаган эле. Учурда да ошол сыңарындай саясат жүрүп аткандай. Россиянын ЖМКлары, саясатка талдоо жүргүзгөн окумуштуу, серепчилери кыргыз бийлигине карата сын-пикирлерди жайылтышууда. Бирок, бир нерсени эсибизге салып коюшубуз керек. Мамлекетибиздин ички ишине сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү, алардын көрсөтмө берүүсү туура эмес. Биз эгеменбиз. Өз тагдырыбыз өзүбүздүн колубузду. “Салтка” айланып калган күнкорчулуктан арылып, ич ара ынтымакты бекемдеп, кемсинүүдөн бийик бололу! Президент, премьер-министр же УКМК төрагасы элге гана таазим этиши керек. Ал эми караламан калк бийликти колдоп турса, тышкы өлкөлөрдүн өктөм саясаты өтпөй калары айкын. Андыктан, биримдикти камсыздайлы!
"Азия Ньюс" гезити