Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев менен Текебаевди сатып кеткен Жанар Акаевдин ойт бермелиги

Атамбаев менен Текебаевди сатып кеткен Жанар Акаевдин ойт бермелиги

16-май, 09:00
1 069 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Саясатчылар табиятынан куйту жана айлакер келишет эмеспи. Бул саам Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев боюнча азыноолак кеп салалы. Жанар такымын жеген куу жигит. Убагында Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы болуп, ишенимине кирип, анан 2015-жылы КСДПдан мандат алат. Башында партияга кулдук уруп эле жүргөн. Качан гана Атамбаевдин саясый бедели түшө баштаганда, Акаев бийликти сындап, ичкен кудугуна түкүрүп, оппозициячыл мүнөздө өзүн көрсөтүп чыкты. Андан кийин “Ата Мекен” партиясына кирип, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышты. Жыдып калган соң Өмүрбек Текебаевди сатып кетти. 2021-жылы акчалуу Алтынбек Сулаймановдун “Альянс” партиясына жабышып, мандатка марыды. Ушул тапта орточул позицияны кармап жүрөт. Себеби, азырынча бийликтен оомат тая элек, күчтүү да. Качан гана Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев алсырай баштаганда, биринчилерден Жанар Акаев оппозиция тарапка өтүп, өкүртө “шыбап” баштайт. Башынан кулк-мүнөзү ушундай экен. Ал эми Алтынбек Сулаймановдон оңой эле секирип кетет. Өмүрбек Текебаевди ойнотуп кеткенден кийин кеп бекен? Кыскасы, Жанардын ойт бермелиги, саясатчыларды байпактай алмаштырганы көнүмүшкө айланды. Болгону өзү гана чөкпөшү керек... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер