Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды

Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды

06-май, 00:00
725 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индияда биринчи жолу жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды. Илдет Хайдарабад шаарындагы зоопаркта жашаган сегиз арстандан аныкталган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Зоопарктын ветеринарлары апрелдин соңунда арстандардан табитинин жоголушу, мурдунан суунун агышы жана жөтөл сыяктуу симптомдорду байкашкан. Аянты 160 чарчы метрди түзгөн сафари зонасында 10 жашка чамалап калган 12 арстан бар. Алардан анализ алынып, изилдөөнүн жыйынтыгында сегиз жырткычтан коронавирус табылган. Окумуштуулар жырткычтар коронавирустун кайсы штаммы менен ооруп жатканын так билүү үчүн анализдерин Хайдарабаддагы лабораторияга жиберишкен.

Азыркы тапта Индияда коронавирус күч алып, оору жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Жалпы жонунан Индияда 20,2 миллиондон көп киши илдет илештирип, анын 16,6 миллиону айыккан. Коронавирус 222 миң кишинин өмүрүн алган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер