Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Зомбулук көрсөткөндөрдү камап, көчө шыпырткан да туура”

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Зомбулук көрсөткөндөрдү камап, көчө шыпырткан да туура”

17-июнь, 21:15
386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара айым, кечээ күнү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзам долбоору комитетте аябай чоң талкуу жаратты. Депутаттардын бири “зордукчулдарга карата камак мөөнөтүн көбөйтүү керек” десе, экинчиси “айып пулду арбытабыз” деген пикирин айтышты. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Менин оюмча, айып пул анчалык таасирдүү чара эмес. Себеби, айып пул салынганда үй-бүлөлөр ажырашкан эмес болот. Кайра эле үй-бүлөлүк бюджеттен төлөнөт ал. Натыйжада, мыйзамдын тарбиялык мааниси азаят. Менин пикиримде, эң эле жакшы чара – бул коомдук иштерге тартуу. Биздин комитетке келгенде, мен ошондой сунуш киргизем. Айып пулду азайтып, анча-мынча учурда камак мөөнөтүн көбөйтүү керек болот. Өтө коркунуч туулган учурларда 7 күн эмес, 15 күнгө чейин көбөйтүү зарыл. Эң негизгисижогоруда айтканымдай, коомдук иштерге көбүрөөк тарткан туура болот. Себеби, биздин жарандар аябай намыстуу болот да. Коомдук иштерге тартылганда көчө шыпырып калышы мүмкүн. Андан көрө үйүндө чыр-чатакка барбай, бири-бири менен сүйлөшүп алганга үйрөнөт. 

-- “15 күн аз, зордукчул жолдошу бул аралыкта эсине келбейт, кеминде үч ай камаш керек деген да сунуштар айтылды. Сиз ушуга макулсузбу?

-Үч ай камала турган учурлар Кылмыш-Жаза кодекси менен каралат да. Өтө коркунучтуу болуп, ден соолугуна чоң залал келтирген учурда эки айга ИВСке киргизип атпайбы. А бул жерде сөз административдик чаралар жөнүндө болуп атат. Бир чети үй-бүлөлөр бузулуп кетпесине да аракет кылышыбыз керек да. Ошондуктан, коомдук иштерге тартып, ошол эле учурда психологдор да иштеши керек. Себеби, жабыркагандар да, мыйзам бузууга барып жаткандар да биздин жарандар. Ошондуктан, көбүрөөк тарбиялык иштер зарыл. Үй-бүлөдө чыр-чатактар жаңыдан башталганда административдик чаралар көрүлөт. Алар натыйжалуу болууга тийиш. Үй-бүлөнү сактап калганга мүмкүнчүлүк жаралса, туура мамиле кылып, сактап калуу шарт. Административдик чараны өтө эле күчөтүп, 3 айга камап салганда ал чыккандан кийин ажырашат да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер