Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тарыхты өзгөрткөн кокустуктар, же дүйнөгө таасирдүү адамдардын тагдырлары

Тарыхты өзгөрткөн кокустуктар, же дүйнөгө таасирдүү адамдардын тагдырлары

27-ноябрь, 18:57
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Боорукерликтин кесепети

    1918-жылы англиялык жоокер Г.Тенди Францияда согушуп жаткан. Анан бир жолу ал душмандын жоокерин аяй коём (!) деп анын бул боорукерлиги кийин 60 млн. кишинин өлүмүнө себеп болду.  

     Марконингге жакын жердеги салгылашууда Кайзердин армиясы жеңилүүгө учурап жаткан. Генри качып бараткан душмандын жоокерин көрүп, аны көздөй мылтыгын мээлеп калат. Бирок тиги жарадар экенин, аксалаңдап араң чуркап баратканын көрүп, боору ооруйт да атпай коёт. Душмандын жоокери муну сезип, башын ийкеп ыраазычылык билдирет. Көп өтпөй англиялык жоокерлер кандай боорукер болорун даңазалаган плакат чыгат да, ал жыйырма жылдан кийин фюрердин шаар четиндеги резиденциясына жетет. Себеби, Гитлер биринчи дүйнөлүк согуш тууралуу сүрөттөрдү чогултуп жүрчү экен. Плакатты көрөр замат өзүн куткарган жоокерди тааныйт. Бир жолу Британиянын консерваторлор партиясынын лидери Н.Чемберлен Германияга иш сапары менен барганда Гитлердин кабинетинде жанагы плакат илинип турганын көрүп, фюрерден анын таржымалын сурайт. Гитлер 20 жыл мурда болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. 

     Бул, албетте, кимдир бирөөлөргө ойдон чыгарылгандай туюлушу мүмкүн. Бирок, буга төгүндөлгүс далилдер бар. Архивде фюрердин жардамчысынын экинчи дүйнөлүк согуштан эки жыл мурда жазган каты сакталып турат. Анда Гитлерге жиберилген плакат үчүн ыраазычылык билдирилген. 


Иттин өлүмү террористтик уюмду пайда кылганда

    1933-жылы Техастын шаардык кеңешинин мүчөсү Ч.Хазард кошунанын ити такай короодогу өзү өстүргөн гүлдөргө сийип жатканын көрүп, аябай жини келет да анын тамагына майдаланган шишени кошуп салат. Ит какап-чакап өлөт. Иттин ээси 13 жаштагы Ч.Уильсон эле. Өспүрүм сүйүктүү итинин өлүмүнө аябай кабыргасы кайышып, элдин баарына Чарльздын мыкаачылыгы тууралуу айта баштайт. Натыйжада, кийинки шайлоодо Чарльз жеңилүүгө учурап, шаардык кеңешке өтпөй калат. Өзүнүн таасирин, күчүн сезген балакай ошондон кийин саясатка белсене киришип, чоңойгон соң Конгресске депутат болот. Анан 1979-жылы советтик аскерлер киргенине байланыштуу Ооганстанда согуш башталганда Чарльз “моджахеддерге жардам бериш керек” деген идеяны көтөрүп чыгат.  Натыйжада, моджахеддер жеңип, “Талибан”, “Ал-Каида” сыяктуу террористтик уюмдар пайда болот. 


Пресс-катчы дубалды уратканда

    1989-жылы 9-ноябрда ГДРдин жетекчилигинин басма сөз катчысынын колуна   чек арадан өткөрүүнүн жаңы системасы жөнүндөгү документ тийет. Анда ГДРдин жарандары ФРГга расмий уруксат кагазы менен убактылуу барып келише алары айтылган экен. Бирок, бул документте өткөрүүнүн эрежелери так көрсөтүлбөптүр. Анан журналисттер басма сөз катчысы Г.Шабовски аттуу коммунисттен бул процедура качан иштей баштарын сурашканда, тиги кагазга дагы бир жолу көз жүгүртүп, эч кандай дата таппаган соң “бүгүнтөн баштап” деп жооп берет. Ошол замат миңдеген немистер жыйналып келип, эки өлкөнү бөлүп турган Берлин дубалын кулатып салышат. 


Дүйнөлүк согушка себеп болгон өлүм

    1914-жылы 28-июнда генерал Оскар Потиоректин чакыруусу менен Сараевого келген Австриянын эрцгерцогу Франц Фердинандга кол салуу болот. Тагыраагы, аны өлтүрүү максатында коюлган бомба мөөнөтүнөн эрте жарылып, Франц аман калат. Бирок, анын жан-жөкөрлөрүнөн бир топ киши жарат алышат. Фердинанд алардын абалын сураш үчүн госпиталга жөнөйт. Бирок, айдоочусу жолду жакшы билбегендиктен башка көчөгө салып алат. Ал көчөдө болсо кара басып серб террористи Гаврило Принцип дүкөндөн чыгып келаткан экен. Фердинандды көрөр замат чөнтөгүнөн тапанчасын алат да ок чыгарат...

     Франц Фердинанддын серб террористтери тарабынан өлтүрүлүшү биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына формалдуу себеп болду. 

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер