Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байлык – колдун кири, төшөгүбүз жылуу болсо эле ыраазымын...

Байлык – колдун кири, төшөгүбүз жылуу болсо эле ыраазымын...

18-январь, 09:30
2 518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Рахат Жунушбаевага!)

Мага жаккан Рахат Жунушбаеванын жакында эле туулган күнү болду. Муну мен соцтармактан билдим. Бул айымдын лифт жана эскалатор чыгарган заводу бар экени, аны мурунку корей улутундагы жолдошу түптөгөнүн жана аны тартып алганы тууралуу маалымат көбүрөөк көрүндү. Ыгын билсе жулуп кетет да... Анысы ал, Рахат айымдын мурункусун чукугум келбейт. Анткени, башыман бир топ сыноолор өттү. Бир кызым менен казак улутундагы келинчегим мени таштап кетти. Энеңди... Улут жаман эмес, жаман адамдар көп тура. Жашоону жаңы нуктан баштаганы турам. Эгер Рахат айым мага турмушка чыккысы келсе, анын эң бир ыйык жакын адамы болгум келет. Жумушта, үйдө, кайда болбосун. Биз сонун жашамакпыз. Жакынкы күндөрү байланыш телефонуңду табам, кел, экөөбүз жаңы жашоону кумарлана баштайлы. Анүчүн баарына кайылмын, ишен! Экөөбүз тең ажырашкандан кийин тажрыйба алдык да, бактылуу үй-бүлө курууга ашыгып, күрөшөлү. Байлык – колдун кири, эң башкысы, төшөгүбүз жылуу болсо эле ыраазымын...


Жаркынбек, Бишкек    

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер